www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Атамбаев менен Сарпашевти мыйзамсыз улутубузду паспорттон алып салганы үчүн сотко берип келдим”- деп фейсбук колдонуучу Айдар Халиков жарыя кылган. Бул сотко берүүнү ар ким ар кандай талкуулаган менен паспорттогу “улут”графасын алып салуу бери дегенде эле улутка каршы мамиле деп түшүнсө болот. Себеби, кыргызды кыргыз, орусту орус, өзбекти өзбек деп таануу кажет. Мисалы, Орусияга же чет өлкөлөргө көп чыгып жүргөн Кыргыздарды башка көп улут менен алмаштырышат. Биздин Кыргызстандын кыргыз жарандарын Санкт- Петербург шаарында “курт жеген кытай” деп келеке кылганы үчүн намысына чыдабай мушташкан намыскөй кыргыз балдарынын окуясы белгилүү. Аларды жергиликтүү милиция бөлүмүнө алып бараткан жолдо балдардын паспортунан кыргыз деген графаны окуп сотко бермек турсун, кечирим сурап узатканын айтып келишкен. Буларды сотко бергенин туура деш керекпи дегенге жооп берүүдөн мурда, ушул “улут” графасын жаздырса Атамбаевдин кагазы же Сарпашевдин сыясы түгөнмөк беле? - деп жазат fact.kg.
Булак: NazarNews.kg