www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Айыктырам" деп барышкан табыптын колунан айыгып кеткендер да бар, бирок саналуу эле. Көпчүлүгү анын ишмердүүлугүнө каршы. Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту Ашым (Хашим) Зайналиевдин ишмердүүлүгүн мыйзамсыз деп таап, анын жеке медициналык дарылоо жүргүзүшүнө, лицензиясы жок дары-дармектерди колдонушуна тыюу салды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады.

Ал эми саламаттык сактоо боюнча тиешелүү орган Зайналиевге лицензия бербегенин жана ага карата буга чейин козголгон кылмыш ишин жүйө келтирген. Хашим Зайналиев өзүнүн билгендерин жана анын колунда дарыланып жаткандар бар экендигин айткан, ошондой эле ал бейтаптар ага өзүлөрү жардамга келип жатканын билдирген.

Ашым Зайналиев "2016-жылы бирөөнөн алдап акча алган" деген күнөө менен былтыр 22-декабрда кармалып, тергөө бүткөнгө чейин камалган. Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы медициналык уруксат кагаздары болбосо да бейтаптарды дарылаган деп Зайналиевге Кылмыш-жаза кодексинин “Мыйзамсыз дарыгерлик кылуу" жана “Алдамчылык” беренелери менен иш козголуп, тергөө башталганын маалымдаган.

Быйыл 21-январда Бишкектин Октябрь райондук соту жабыркоочу тарап доосу жок экенин айткандан кийин Зайналиевге карата кылмыш ишин токтоткон. Ал сот залынан бошотулуп, өлкөдөн чыкпоого милдеттендирилген.

Саламаттык сактоо министрлиги Зайналиевди жоопко тартууну өтүнүп, 2016-жылдан бери Башкы прокуратурага бир нече жолу кайрылган. Эки жолу кылмыш иши козголуп, кайра белгисиз себептерден улам жабылып калган. Зайналиев Бишкектин «Көк-Жар» конушунда кабыл алчу. Кабыл алуунун баасы жөнүндө суроого ал «Өзүңөр билесиңер да» деп жооп берчү. Мындан ары элдик медицинанын өкүлүнүн ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости