www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Тээ илгертен бери эле айтылып келе жаткан таасын кеп бар “молдонун айтканын кыл, кылганын кылба” деген. Анткени акыл айткандар дайыма акыл айтып коюшуп, ал айткандарын өздөрү аткара албай келет. Айтмакчы союз тараганы динчилдердин күнү тууп, динге катуу берилип кетип, атам тааныбаган Сирияга чейин барып, ким менен согушканын билбей согушка катышып келгендер да бар.
Ал эми айлап-жылдап атасы көрбөгөн Индия, Пакистанга чейин тим эле бир нерсени кыйратып келгенсип, даабатка барып келгендердин дагы саны арбын.
Ал эч нерсе эмес, үй-бүлөөсүн карабай төрт айлап даабатта жүрүп, ар кимдин эшигин каккылап, байкап, бой жашаган келиндердин үйүнө барып, аларды алдап алып алгандар дагы чыкты, алган аялдын санын көбөйтүп. Бул эми акылга сыйбаган нерсе экенин ким тана алат. Атын айткысы келбеген бир келин ыйлап айтса жанына киши тура албайт. Күйөөсү үйүндөгү жалгыз уюн сатып, төрт айга даабатка кетип, ал жактан аял алып алганы бирөөлөр аркылуу жетип, учурда эмне кылышты билбей жаткан кези. Ушул эми Кудайды оозунан түшүрбөгөн молдокелер кыла турган ишпи? Курган алданып тийген аял дагы, бир баланы атасыз багары эми турулуу иш экенин ким тана алат? Эх, даабатчылар даабатыңарга жөн барып, жөн келгилечи! Бир аялды бага албай жатып, эки аял алып эмне кыласыңар. Ансыз деле кыздар кыргыз жигитерине ишенбей башка улуттун жаранына тийип жатышат. Анткени кээ бир жигиттерибиз ачкыл суунун жетегинде жүрсө, силер тигинтип даабатты бетке кармап, айлап-жылдап тентип кетип, ал жактан аял алып жатсаңар кантип силерге кыздар ишенет? Ушул жагына да көңүл бургулачы даабатчылар.
Бердикожо Бийназаров,
NazarNews.kg