www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Тээ мындан “он-он беш жыл илгери светной телевизоруңар бар экен, жашооңор жетиштүү” деп балдарга бөлүнгөн акчаны бербей койгондой болуп, жакында жогору жактын өкүлдөрү “Үйүңөрдө тракторуңар бар экен деп, төрт балага ала туган жөлөк пулду бердирбей коюп куру калдык” деп Тариэл аттуу баланын айтканы ойго салды. Андан дагы ал айтат. Трактор эле иштеп турса дагы жакшы эмеспи. Илгери колхоз тарап, техниканы бөлгөндө атама тийген трактор. Анын тетиктери да жок. Иштен чыкканына канча болду. “Кайдан дагы ал тракторду эшиктин алдына токтотуп койдук эле” деп карандай чыныкты айтта.
Ыя, айланайын, ушундай дагы жорук болобу? Тариэл айткандай бузук трактор эмне акча тапканга жардам береби? Макул, трактор иштеп турган күндө дагы кышында тракторго кайдагы жумуш.
Ушул сымал жоруктар элет жеринде көп кездешет. Бул дагы билими жок, эптеп таанышынын арты менен ишке орношкон адамдын колунан келген иш экенин кантип жашыра алабыз. Айыл жеринде эмес, борбор шаарда иш жок болуп жатканда, тракторду бетке кармаган кантип болсун. Сөздүн кыскасы, ичип-жеген жем корлорго караганда, бузулган трактор төрт балага бөлүнө турган акчадан сактап, өкмөттүн экономикасына жардам берди деп айтсак жарашчудай болуп калды. Айтайын дегенибиз, үнүн жогору жакка жеткире албаган элет жеринде жашаган канчалаган кишилер өкмөттүн жардамынан куру калып жатат болду экен. Чала –сабат билермандар тигинтип тракторду бетке кармап жаткан соң, башка дагы толуп жаткан кемчиликтер бийликтегилерге терс сапатын тийгизип жатканы жалганбы?
Бердикожо Бийназаров,
NazarNews.kg