www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Убагында ити чөп жеп, ыргыткан ташы өйдө кулап, оозунан чыккан сөздүн илебине нан бышып, саясаттан жылдызы жанып бийликтин бийик секисине чыгып, премьерлик такка олтуруп, багы укмуш ачылган Амангелди Муралиевдин саясаттагы сапары карып, карылык айылына баш багып, кел-кели кетип, айткан сөзү эч кимге өтпөй, учурунда жасай албай калган иштерине өкүнүп турган кези.
Ооба, бийликтин ошончо бийик секисине чыгып алып, кайра кулап түшкөнү да бир чоң мүшкүлдү жаратса керек.
Ишке келе жатканда жана кетип бара жатканда коштогон машина менен жүрүп, жашоонун жакшы шаңын башынан өткөрдү. Бирок ошол кезде ооздо кала турган иш кыла албаганы сонун бир шансы текке кетиргенден белги берет. Бийликтин эки-чылбыр бир тизгинин кармап турганда жок дегенде “Кум – Төр” маселесин жолго салып койгондо, элге чоң кызмат кылган болот эле го? Эми биз Муралиевдин кайсы кылган ишин эскеребиз, ооздо айтылып кала турган иш жасабаса, маселе мына ушунда. Сөздүн кыскасы, отузга чукул өкмөт башчы болгондордун катарын толуктаган эле бир киши болуп калды. Ар бир жигитке эле мындай мүмкүнчүлүк бериле бербейт, бирок берилгенден кийин оозду ачып убакытты текке кетиргендердин саны толтура. Алардын катарында Амангелди мырза дагы бар.
Бердикожо Бийназаров,
NazarNews.kg