www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мария Лиман, эркектердин журналындагы жарым жылаңач, ачык денесин көргөзгөн “ысык” сүрөттөрү менен белгилүү. Ага өзү төрөлүп өскөн Ростова-на-Дону шаар бийлигинин басма сөз кызматын жетектеп берүү сунушу түшкөн.
Учурда, социалдык тармактарда олтурган жергиликтүүлөр бул чечимди катуу талкуулап жатышат. Мариянын өзү "Инстаграм" баракчасына жазгандарына караганда, сунуш Орусиянын ЛДПР партиясы тарабынан түшкөн. Буга ал бир шарт койгон – Лондондогу окуусун аяктагыча ал жакта жашап туруу менен сунушталган иш эгерде шайкеш келсе иштөөгө макул.
Ал ортодо Ростов областындагы ЛДПР партиясынын жетекчиси, Евгений Федяев, аталган кызмат бош эмес экенин билдирген.
Ал, Лиман тамашөкөй кыз экенин айтып, муну менен Ростов кадр саясатына сокку болгонун эскерткен. Ошондой эле аталган шаарды жарнамалоо үчүн, жергиликтүү бийлик бюджетинен жылына 40 миллион орус акчасын сарптай турганын белгилеп, мындан фотомодель утулуп калганын айткан.
Айтмакчы, буга чейин 26 жаштагы "Мисс Шахты-2011" сынагынын жеңүүчүсү, кымбат ресторандардын сүйүүчүсү Екатерина Герасимова, Ростов-на-Дону шаарынын коррупция менен күрөшүү бөлүмүнө жетекчи болуп дайындалганы бар.
Булак: NazarNews.kg