www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда көпчүлүк аткаминерлер мамлекеттин ички саясатын түшүнбөйт, ал тургай мамлекеттин ички саясатындагы сырларды ачыкка чыгарып, "ээн ооз".

Ички саясатты го бул жакта туруп турсун мамлекеттик этиканы билбеген айрым маңбаштар эл аралык этиканы кайдан түшүнмөк эле?, - деген суроо туулат.

Мындай аткаминерлердин баш-аламан бийликке келишине өткөн бийлик түздөн-түз күнөөлүү.

Алсак, алгачкылардан болуп Мээрбек Мискенбаев алдыңкы сапта турса, “атты жата калып калып үркүткөн” мамлекеттик башкаруу эмес, бир короо кой бергенге ылайыксыз айрым аткаминерлер Ак үйдөн четтен чыгат.  

Мындай маңбаштарды президент Сооронбай Жээнбеков тартипти каттуу көзөмөлгө алып, дос менен душманды ажыратпаса жыйынтыгы жакшы болбойт. Ылдамыраак өзүнүн командасын түзүп, өлкөгө пайдасы тийбеген айрым аткаминерлерди Ак үйдөн айдап чыкпаса кийин кыйын болуп калат.  Ошол эле учурда Жээнбековдун дагы ашмалтайын чыгара турган “Сүмбүлдөр” жанында жүргөнүн унутпашы керек.

“Вазир жакшы-Хан жакшы” дейт кыргызда, баарын көздүн кыры менен байкап, кырдаалды кыраакылык менен көрүп, шамалды ылдамдыгын атайын техникасы жок байкап турган Досаалы Эсеналиевге Кудай күч-кубат берсин.

Ал эми “өзү осуруп өзү үрккөн, өзүнүн тамагына өзү түкүргөн” мамлекеттик кызмат эмне экенин түшүнбөгөн Кылычбек Султанга окшогондорго, Кудай ыйман берсин.

Бирок, Кыргызстанга ички душмандын кереги барбы?, - деген суроо туулат. Дегеле президент Сооронбай Жээнбеков, тез арада ыры менен чыры көп Жогорку Кеңешке өлүм жазасын аткаруу боюнча мыйзамын колдоп берүүнү сунушташы керек. Анткени биздин айрым аткаминерлерге атууга өкүм өтө зарыл жана өтө зарыл...

Булак: NazarNews.kg

Последние новости