www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Азербайжан Республикасынын Президенти Ильхам Алиевди Азербайжан Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен кыргыз элинин жана өзүнүн атынан чын жүрөктөн куттуктады.

«Жакынкы арада болгон жолугушууларыбыздын жыйынтыктары боордош эки элдин кызматташтыгын мындан ары дагы бекемдеп, көп жаңы жетишкендиктердин жана жакшылыктардын башаты болооруна терең ишенем.

Биздин биргелешкен аракеттерибиз, кылган иштерибиз Кыргыз Республикасы менен Азербайжан Республикасынын жаркын келечегине алып барат деген ишенич менен, Сизге чың ден-соолук, узак өмүр, мамлекеттик ишиңизге ийгиликтерди, ал эми бир тууган азербайжан элине тынчтыкты жана гүлдөп-өнүгүүнү каалайм», — деп белгиленет Мамлекет башчысынын куттуктоо телеграммасында.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости