www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ысык-Көлдө ата мекендик жана чет элдик инвесторлорго бериле турган 15 пансионат бар. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров «Фейсбуктагы» баракчасына жазды.

Садыр Жапаров 15 пансионат мамлекеттин же мамлекеттик мекемелердин карамагында экенин, көп жылдардан бери кароосуз калганын же жакшы каралбай келе жатканын билдирди. Бирок ал пансионаттардын атын атаган жок.

«Ушул пансионаттарды 49 жылга ижарага беребиз. «Инвестиция салам, мен алам» деген ата мекендик байларыбызды, чет өлкөлүк инвесторлорду чакырам. Келиңиздер, алыңыздар. 3, 4, 5 жылдыздуу мейманканаларды салып иштетиңиздер. Албетте салган инвестициянарды кыска убакытта кайра чыгарып аласыңар дегенден алысмын. Бирок 49 жылда 3-4 эсе актайт деп ишенем. «Эмнеге мамлекеттин акчасын салып оңдоп койбойсуңар» деген жарандарыбызды угуп жүрөм. Кудайга шүгүр мамлекетте акчабыз жок эмес, бар. Эмне деген иштерди жасап жатканыбызга күбө болуп атасыңар. Мамлекеттин акчасын узак мөөнөттө актай турган бизнеске салуу максатсыз. Баарын эсептеп чыктык. Ошондуктан салбайбыз», — деп жазды ал.

Анын айтымында, аталган 15 пансионатты 49 жылга ижарага алып, инвестиция салууга кызыкдар адамдар Мамлекеттик мүлк агенттигине кайрылышы керек.

«Кимде-кимди кызыктырган болсо, Мамлекеттик мүлк фондусуна кайрылсаңыздар болот. Негизги шарттар: алгандан кийин дароо инвестиция салып башташ керек. 3 жылдыздуудан жогору мейманканалар, коттедждер ж.б. салынышы керек. Акчаң болсо, эки жылда кычыраган пансионат кылсаң болот. 49 жылга алдым деп 5-10 жыл эч нерсе салбай басып жата берген жарабайт. Субарендага уруксат жок. Калган маалыматтарды мамлекеттик мүлк фондусунан аласыздар», — дейт ал.

Эскерте кетсек, буга чейин Кыргызстан Өзбекстанга Ысык-Көлдөгү «Рохат» («Алтын жай») «Дилором» («Эне-Сай») «Золотые пески» («Бостери») жана»Бустон» пансионаттарын 49 жылга бергени белгилүү болгон. Аталган пансионаттарды Совет учурунда Өзбекстан пайдаланып келген. 2016-жылы Кыргызстан аларды өзүнүн карамагына алган.

4 пансионаттын Өзбекстанга берилиши боюнча коомчулукта нааразычылыктар айтылгандыктан, Садыр Жапаров ал боюнча буга чейин өз пикирин билдирди.

Булак: NazarNews.kg 

 

Последние новости