www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиянын президенти Владимир Путин менен Түркиянын лидери Режеп Тайып Эрдоган сентябрдын башында Сочи шаарында жолугат. Бул тууралуу Эрдоган жетектеген Түркиянын Адилеттик жана өнүгүү партиясы билдирди.

Жолугушууда Орусиянын Кара деңиздеги дан келишимине катышуусун кайра жандандыруу же ага альтернатива түзүү маселеси талкууланат.

Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков жакында Түркия менен Орусиянын мамлекет башчылары жолугарын ырастап, Кремль ага даярдык көрүп жатканын билдирди.

Bloomberg агенттиги өз булактарына таянып, орус жана түрк президенттеринин жолугушусу 8-сентябрда болушу мүмкүн экенин жазды.

Москва июль айынын соңунда Украинадан Кара деңиз аркылуу дан экспорттоого жол берген келишимден чыгып кеткен.

Орусия Украинага согуш ачкандан бир нече ай өткөндөн кийин Кара деңиз аркылуу дан экспорттоо токтоп калган. Бул жагдай дүйнөдө азык-түлүктүн кымбатташына алып келген.

Киев менен Москва Түркия жана БУУнун ортомчулугу алдында дан экспортун кайра жандантуу келишимине былтыр 22-июлда Стамбулда кол коюшкан. Келишимдин мөөнөтү улам узартылып, 17-июлда токтогон. Бул аралыкта Украинадан 30 миллион тонна буудай жана башка айыл чарба азыктары экспорттолгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости