www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Милиция 2 күн күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөйт

28-августта Ички иштер министрлигинин Күзөт кызматынын Борбордук аппаратында жана аймактык күзөт бөлүмдөрүндө саптык кароолор өткөрүлдү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Маалыматка ылайык, саптык кароо Күзөт кызматынын начальнигинин орун басары Ралис Касановдун катышуусунда өттү.

Касанов кызматкерлердин кийим-кечегин, кызматтык күбөлүктөрүн жана тыкандуулугун текшерип, орун алган кемчиликтерди оңдоону тапшырды.

Белгилей кетсек, Эгемендүүлүк күнү жана 1-сентябрь - Билим күнүн майрамдоого карата ИИМдин өздүк курамы 30-августтан 1-сентябрга чейин күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөшөт.

Күчтөрдүн жана каражаттардын эсеби боюнча республика боюнча салтанаттуу иш-чараларга Күзөт кызматынын райондук бөлүмдөрүнүн миңден ашык кызматкерлери аймактык ИИОнун бөлүмдөрүнө бөлүнүп берилет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости