www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Эсиңерде болсо керек Кубат Оторбаев Акыйкатчы мезгилинде президенттен ырайым сураганда докладын эптеп өткөрүп алуу үчүн, “Ата Мекенден” жана Текебаевди колдогон депутаттардан колдоо күтүп, ырайым сурады , неге бардык саясий туткундарга ырайым бериңиз дебейт”- деп сынга алгандар чекеден чыккан.
Эми Роза Отунбаева да анын жолун улап, Текебаевдин 60 жашынын урматына жана парламентке кошкон салымын эске алуу максатында, президенттен ырайым сураганын фракция лидерлери колдоого алды.
Бирок, президент ырайым кылабы же жокпу азырынча белгисиз.
Анткени, ырайым кылса, мыйзам бузулат деген пикирдегилер да арбын айтыла баштады. Текебаев чыкпасын эмес чыксын. Анын да мамлекет үчүн жасаган иштери эске алынсын.
Бирок, Текебаевдей эле ак жеринен камалып, Атамбаевди сындаганы үчүн жалган жалаа менен бир эмес, бир канча саясатчы да камалып жатат. Эгер президент Текебаевге ырайым кылса, аларга да ырайым кылышы керек. Болбосо акыйкаттык болбой калат.
Булак: NazarNews.kg