www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Аида Салянова өзү жазган мыйзам четке кагылганы тууралуу жана ал мыйзамдын өтүшүнө кимдер каршылык көрсөткөнү боюнча оюн айтты.
Улуу Ата-Мекендик согушта каза болгондордун, дайынсыз жоголгондордун каза тапкан жерлери аныкталган болсо, 2 жакын тууганы мамлекеттин эсебинен барып, өз мекенинин бир ууч топурагын салып көкүрөктөгү көксөөсүн кандырып келсин деген үмүттө жазылган. Биздин аткаминээрлер өзүнүн катасын моюунуна ала турган касиети жок. Тескерисинче, өмүр бою бут тосуп, өч алып өтүшөт. Долбоордо айып жок. Кеп долбоорду жазган адамда болду. Мейли, мени кектесин, мыйзамда эмне күнөө?! Чал-кемпирлерде эмне күнөө? Азыр согушта курман болгон аталарыбыздын балдары деле өсөөрү эмес, өлөөрү калды. Алардын аталары ал жерлерге турист болуп барып өлгөн эмес. Өз каражаттары болсо, бул мыйзамды мындай зар какшап күтпөйт эле.
9- май алдында күйпөлөктөгөндөн айланабызбы, биздин келечегибиз үчүн жанын берген аталарыбызды барктай албагандан кийин бул долбоор 28 млрд. сомду талап кылат деп эсептеп алышыптыр. Сөз жөк! Уят! Андай акчаны жумшаш үчүн бардык дайынсыз болгон 56 миң жоокерди таап коюш керек! Ушундай дагы наадандык болобу!? Бүгүнкү күндө Өкмөткө болгону 12 эле адам кайрылышыптыр. Ушундай министр, ушундай өкмөттүн кимге кереги бар?!
Бул долбоорго башында Шадиев комитеттин төрагасы катары тоскоолдук кылган. Мен Башкы прокурор болуп турганда ага кылмыш иши козголгон. Кийин долбоордун "бактысына" жараша Пирматов комитеттин төрагасы болуп калып каршы болду. Буга дагы мен кылмыш ишин козгогом. Ата - бабаларыбыздын арбактарына кылган мамилеси үчүн булар жакшылык деле көрбөйт. Алар үчүн көп убакыт короткум келбейт. Мени мамлекет жаштарды кантип тарбиялайт, патриотизмин кантип ойготот, баатырларыбыздын кадырын билбей алардын ордуна кимди үлгү кылып көрсөтөт деген ой түйшөлтөт.
Сүрөттөгү адамдар бул мыйзамды үч жыл күтүп келишкен.
Булак: NazarNews.kg