www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президенттин сөзү сууга акты да, кетти

Президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин жыйынында кен тармагындагы коррупциянын гүлдөп кеткенин маалымдап, бир эле кишиде 41 лицензия бардыгын айткан.

Кийин ал 41 лицензиянын ээси катары Жумаев дегендин аты аталган. Эми андан бери бир кыйла убакыт өттү. Жумаевге чара көрүлгөн жок. Тиешелүү органдар бары-жогун эстеп да коюшпады. Президенттин сөзү Коопсуздук кеңешинин жыйынынан чыкпай сууга акты да, кетти. Ал эми Жумаев болсо Токтогул районунан эле 12 444 гектар жерге кенди изилдөөгө буйрук чыгартып алганы айтылууда. Жергиликтүү эл "бир Жумаевге тоолорубузду каздырып жиберип мал-жаныбыз менен кырылып, текей теребизби" дешип нааразы. Элдин үнүн укчу бийлик дудук, - дейт "Фабула" гезити.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости