www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жапаровдун иши дагы кайра каралсын

Чүй облустук соту саясатчы Садыр Жапаровдун жактоочуларынын апелляциялык арызынын негизинде даттанууну карап чыгып, 16-июлда Аламүдүн райондук соту тарабынан кабыл алынган чечимди күчүндө калтырды.

Тактап айтканда, Садыр Жапаровдун мунапыска байланыштуу түрмөдөгү жаза мөөнөтүн кыскартуу боюнча Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын сунушун 6 ай мөөнөтү өтүп кеткендиги үчүн кабыл алган эмес. Жапаров 2026-жылдын 5-сентябрында эркиндикке чыгат. Амнистия менен чыкса, жаза өтөө мөөнөтү 2023-жылга чейин кыскармак. Коомчулукта болсо Текебаевдин иши кайра кароого алынып жатканда, эмнеге ошондой эле айыпсыз камакта жаткан Жапаровдун ишин бийлик кайра кароого кызыкдар эмес деген нааразычылыктар айтылууда. Мына кош стандарттуулук, деп "Фабула" гезити өз пикирин коомчулукка жарыялаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости