www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Учурда Кыргызстандын маалымат айдыңында социалдык тармактарда "Азаттыктын" тагдыры талкуу болуп, аттуу-баштуулардан тарта пикирин айта баштады. 

Мурдагы Акыйкатчы, Бакыт Аманбаев менен коомдук активист Урмат Акунов "Азаттык" тууралуу ойлорун айтты.

"Урматтуу Фейсбуктагы достор, менин бул посту жазуума “Азаттык» радиосунун азыркы жетекчилигинин аларга айтылган сынды туура кабыл алып, аны оңдоштун ордуна, тескерисинче актанып, сын жазган авторлордун жеке адамдык сапатына чейин асылып жазган жообу негиз болду. Андыктан, мен “Азаттыкта» сегиз жылдай иштеп, радионун ички «кухнясын» билген адам катары аталган радио мурда кандай эле, соңку жылдары кандай деңгээлге түшүп кеткендиги тууралуу өз оюмду жазууга аргасыз болдум.

Мен, «Азаттык» радиосунда сегиз жылдай иштедим. Аталган радио, бул радиону белгилүү журналисттер «Азаттыктын» Прагадагы кыргыз кызматын Нарынбек Идинов, Кыргызстандагы бөлүмүн Кыяз Молдокасымов жетектеп турган мезгилде эл оозуна алынып, «Азаттык» радиосу элдик радиого айландырылган. Ал мезгилде радиодо элибизге бегилүү, алдына ат салдырбаган журналисттер: Эсенбай Нурушев, Амирбек Усманов, Баян Жумагулова, Жаркын Суран кызы, Айданбек Акматов, Улан Эшматов, Шайырбек Эркин уулу, Аида Касымалиева жана башкалар иштешчү.
Ал мезгилде радионун күнүмдүк программаларына темаларды тандоого жетекчилик тарабынан өзгөчө көңүл бурулуп, теманы чагылдыруу радионун уставына ылайык гана жүргүзүлчү. Менимче бул радио жетекчилигинин эң башкы милдеттеринин бири деп айтсам туура болот.
Тагыраак айтканда күнүмдүк эфирге өзгөчө маанилүү, талдоону талап кылган, көйгөйлүү делинген темалар гана кылдаттык менен тандалып, ага ошол теманы мыкты билген адамдар чакырылып, коомчулукка аталган тема ар тараптуу, жетишээрлик түшүндүрүлүп берилчү.
Натыйжада, «Азаттык» ал мезгилде өлкө келечеги тууралуу мыкты ою, программасы бар адамдардын же коомдогу аябай көйгөйлүү тагдыр чечүүчү маселе боюнча өзгөчө ою же сунушу бар атуулдардын коомчулукка өз оюн жеткирүүчү аянтчасына айланган болчу.
Айрыкча соңку жылдары же соңку мезгилдери, «Азаттык» радиосу жогорудагыдай милдеттерди аткарбай калды:
1. Азаттыктын күнүмдүк темасын тандоого жеткиликтүү көңүл бурулбайт, бурулса да ошол теманы мыкты билген адамдар талкууга чакырылбайт. «Азаттыктын» эфирине, айрыкча метровый канал КТР дан берилчү «Ыңгайсыз суроолор» берүүсүнө белгилүү бир саясатчылар гана кайта-кайта чакырылышат. Омоктуу ою бар, бийликке же «Азаттыктын» жетекчилигине жакпаган адам ал берүүгө тартакыр чакырылбайт.
2. «Азаттыктын» эфирине тандалган күнүмдүк темалар да мыкты журналисттер жоктугунан жеткиликтүү ачылып берилбейт.
3. «Азаттыктагы» мыкты журналисттер: Айданбек Акматов, Улан Эшматов, Аида Касымалиева, Шайырбек Эркин Уулу жана башкалар эч себепсиз мурдагы президент АШАнын саясатына сын айткандыгы үчүн ошол мезгилдеги Ак үйдүн «заказы» менен жумуштан эч себепсиз айдалышты.
4. Соңку мезгилдери «Азаттык» радиосу белгилүү бир коррупцияга айыпталып жаткан саясатчылардын жеке менчик радиосуна айланып калгандыгын байкоого болот. Ошол эле мезгилде коомдогу тагдыр чечүүчү, коөйгөйлүү маселелерге көңүл бурулбай, коомчулукка маанилүү эмес социалдык темаларга басым жасалып калганын байкоого болот.
5. «Азаттык» радиосунун жетекчилигине кадр саясаты тууралуу айтылган сындар абдан туура айтылган жана негиздүү. Айтор, бүгүнкү күнү Азаттык радиосу кескин өзгөрүүгө муктаж, деген пикирин «Азаттыктык» мурдагы журналисти, жана экс-Акыйкатчы Бакыт Аманбаев жазып чыкты.

Ага кошумча коомдук активист Урмат Акунов, «Мен жаран катары айтып коюшум керек, «Азаттыктын» Кыргызстандагы башчысын бул жерде күнөөлөп кереги жок. «Азаттыктын» тагдыры Прагадагы кыргыз кеңсесинде. Менин таң калганым «Азаттык» элдин кызыкчылыгын ойлогон маалымат жеткирүү булагы эле. Азыр «Азаттыктын» бир эле кызыкчылыгы бар, алар коомчулуктун кызыкчылыгы эмес, Райым Матраимов менен эле күрөшүп жаткандай. Чындыгында «Азаттык» Матраимовдор менен күрөшөбүз» деп олтуруп, өздөрү бир тараптуу экенин көрсөтүп коюшту. Албетте «Азаттыкта» азыр деле чыгаан журналисттер бар болгону менен «Азаттык» мурдагы ордун коомчулукта жоготту», - дейт.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости