www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орус президенти Владимир Путин кытайлык кесиптеши Си Цзиньпинге Украинага каршы согуш кеминде беш жылга созулаарын айтты. Бул маалымат Кытай лидеринин Москвага сапарынан туура 9 ай өткөндөн кийин «чыккан». Бул тууралуу "Nikkie Asia" басылмасы жазып чыкты.

"Путин өзүнүн сөздөрү менен Кытай лидерине Орусияга карата позициясын өзгөртпөсүн эскерткиси келген", — деп жазат басылма.

Ал арада Си Цзиньпиндин Москвага сапарынын алдында НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг Батышты Орусия менен Украинанын ортосундагы узак мөөнөттүү тирешүүгө даярданууга чакырды, анткени Москва Украинанын бардык аймагын көзөмөлдөө ниетинен азырынча баш тарта элек.

"Путин 2024-жылдын аягына чейин Донецк жана Луганск облустарын толугу менен басып алып, орус армиясын Харьков облусундагы Оскол дарыясына алып кетүүгө үмүттөнөт. Андан соң 2026-жылдын аягына чейин ал батышка барууну пландап, Запорожье, Днепропетровск жана Харьков облустарынын көпчүлүк бөлүгүн, анын ичинде алардын борборлорун да басып алууну пландаштырууда", - деп айтылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости