www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эртеңден тарта 146-каттам менен автобустар жүрө баштайт

Эртеңден, 29-декабрдан тарта, Бишкекте №146 муниципалдык автобустун жаңы каттамы ишке кирмекчи. Бул туурасында мэриянын маалымат кызматынан кабарлашты.

Каттамга баш-аягы 25 автобустун чыгары, анын интервалы 8-10 мүнөт болору айтылды.

№146 муниципалдык автобустук каттам "Аламүдүн" жана "Орто-Сай" базарларын камтымакчы.

"Каттамдын баштапкы аялдамасы - "Бишкек автобекети" муниципалдык ишканасы (Алма-Ата – айланма жол көчөлөрүнүн кесилиши), акыркы аялдамасы – Чоң-Арык айылы", — деп билдиришти мэриядан.

Маалымат кызматы мэрия тарабынан айланма жол менен Алма-Ата көчөсүнүн кесилишиндеги (Аламүдүн району) Чыгыш автобекетин шаардын сыртына көчүрүү максатында Бишкек автобекети ("Бишкек автобекети" ишканасы) уюштурулганын билдирди. Мындай кадамдын аймактардын экологиясын жакшыртууга жана автоунаа тыгындарын жоюуга жардам берерин айтышкан.

Эске салсак, буга чейин элди аталган аймакта 146-маршруттук каттам тейлеп келген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости