www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Мамлекеттик мүлктү башкаруу мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басарын кармады.

Ведомстводон билдиришкендей, ал кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча айыпталууда.

Белгиленгендей, УКМК тарабынан мамлекеттик органдардын жана Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттигинин балансында турган мамлекеттик мүлктү узак мөөнөткө ижарага берүү келишимдерин түзүүдө кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактылары аныкталган.

Бул факты боюнча козголгон кылмыш ишин тергөөнүн алкагында КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгүндө каралган кылмыштын белгилери боюнча КР Жазык-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Р.К.Б. УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда бул фактыга тиешеси бар башка кызмат адамдарын аныктоо боюнча тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости