www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жакында КРнын Президенти С.Ш.Жээнбеков өз сөзүндө “Элдик Курултай жөнүндө” мыйзамдын кабыл алынышы зарыл экендигине токтолгон. Биз ушул маселе боюнча пикрин сураганыбызда курултайчы, “Кыргыз жолу” коомунун Биримдик кеңешинин төрагасы К.Кошалиев төмөнкүлөргө токтолду.
КРнын Президенти С.Ш.Жээнбековдун жакында Жогорку Кеңештин 80 жылдыгына карата өткөн конференцияда сүйлөгөн сөзүндө: “Башкы мыйзамыбыздын 52–беренесине ылайык элдик курултайларды өткөрүүнүн тартиби мыйзам менен аныкталышы керек. Тиешелүү мыйзам бүгүнкү күнгө чейин кабыл алына элек. Биздин өлкөдө боло турган иштердин баары теӊ мыйзамдын чегинде болуусу зарыл.
Ошондуктан, курултай жөнүндө мыйзамды кабыл алуу керек. Мыйзамдын долбоорун даярдоо үчүн бардык кызыкдар тараптардын өкүлдөрүнөн турган жумушчу топту түзүү — туура болот. Бул маселени тереӊ ойлонуп, бардык механизмдерин мыйзам аркылуу тактап, олуттуу бир чечим кабыл алуу зарыл”-деп белгилеген. Эгер Президенттин айткан сөзү эки болбой турмушка ашыруу башталса, көп жылдардан бери токтоп турган маселе ордунан жылып, “муз жарылды” деп айтсак болот. Негизи бул КРнын Жогорку Кеңеши ишке ашыра турган маселе болчу, ар кайсы себептер менен кийинкиге жылдырылып, Конституциянын талабы аткарылбай келген болсо эми үмүт пайда болду.
Болбосо, мыйзамы жок болгондон кийин ар кайсы күчтөр каалагандай эреже-тартип менен Курултай өткөрүүгө бет ала тургандай кырдаал түзүлдү. Жыйынтыгында элге керектүү Курултай институттун дискредитация кылып алуу коркунчучу да жок эмес. Ошондуктан, адилеттиктин жана элдик бийликтин кепилдиги катары “Элдик Курултай жөнүндө” мыйзамды кечиктирбей кабыл алуу турмуш талабы!
Булак: NazarNews.kg