www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ар бир айтылган сөздүн артында чоң үшкүрүк бар. Жаңы оңдолуп-түзөлгөн улуттук музей, акыры ачылды. Ооба, музей ачылы электе эле ага корогон акчаны жутуп алган чоңдордун ортосунда чыр чыгып, жем корлук менен кылмыш иши козголгон. Айткандай токойдон ат мамыга окшогон таяктын бирөөнү 600доллардан сатып келдик деп айта коюшуп, “кандай эле аттиштин, ала бакандын баасы 600 доллар болуп калат” деп чыгышкан.
Акчаны жеп алышып, отчёт бергенге келгенде баштары жер карап, кыйрата коюбуз дегендердин алты айлалары кетип, акыры эптеп музейдин дагы ачыла турган кезине убакыт келип жетти. Эгер, музейге бөлүнгөн акча сол чөнтөккө кетпеген болсо, эчак эле ачылмак. Ушуга да болсо шүгүр” дейли. Ачылбай калса эмне кылат элек?
Булак: NazarNews.kg