www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Ысык-Көл" биосфера аймагында суу чыгаруу жана тазалоо курулмалары жөнүндө" мыйзам долбооруна кошумча-алымчалар иштелип чыккан. Долбоор "Ысык-Көл" уникалдуу биосфера аймагын анын суу ресурстарына жана экосистемасына агып келип жаткан саркынды суулардын (анын ичинде калктуу конуштардын, рекреациялык объекттердин жана ар кандай сарбакер субъекттердин, анын ичинде коомдук тамактануу ишканаларынын жана автожуума жайлардын турмуш-тиричиликтик таза эмес сууларынын) терс таасиринен коргоого, Ысык-Көлдүн суусуна тикелей келүүчү экологиялык зыяндан коргоого, "Ысык-Көл" биосфера зонасынын аймагындасууну агымдылоого, саркынды сууларды тазалоого жана чыгарууга байланышкан иштерижүзөгө ашырууда келип чыгуучу залалдардан калктын жана туристтердин ден соолугун сактоого, айлана-чөйрөнү коргоого, экологиялык коопсуздукту камсыз кылууга, флораны жана фаунаны коргоого багытталган. 

Талкуу учурунда эл өкүлдөрү ысык-Көл облусунун башкы планын иштеп чыгуу жана анын каржылоо маселесин так чечүү керектигин белгилешти. Депутат Уланбек Примов талкууга келген эки мыйзам долбоорунда Ысык-Көл аталышы орусча, кыргызча варианттарында ар кандай берилип калганын белгилеп, бир түрдүү өле Ысык-Көл деп атоого алып келүүнү долбоордун демилгечилери менен КР Өкмөтүнө сунуш кылды.

Талкуу соңунда аталган мыйзам долбоору "Ысык-Көл" биосфера аймагында суу чыгаруу жана тазалоо курулмалары жөнүндө" мыйзам долбооруна кошумча болуп бир топтомдо иштелип чыккандаыткан, аны күн тартибинен алып салып, биринчи мыйзам долбоору менен чоогу талкуулоо чечичмине келишти,-деп "Кабар Инфо" гезити жазып чыкты. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости