www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Менде эч кандай акча, банк эсептери жок. Дагы жакшы, баардык досторум да бай эмес, карапайым жөнөкөй адамдар. Болбосо алардын мүлктөрүн да мага шылтоолоп камакка алып коюшмак. ЖЭБ боюнча коррупция болгон болсо аликүнчө ал акчаларды табышмак. Негизи эле бул айыптоо – биз тарабынан уурдалды делген 111 миллион доллар туралуу сөздөр менин кадыр-баркымды тебелеп жатат. Мынчалык кордогондон көрө адамды атып эле салган жакшы. Мен принциптүү адаммын, эч качан кимдир бирөөлөрдүн кызыкчылыгын көздөгөн эмесмин. Инсан же чын дилинен иштейт, же ал жакшы иштебейт. Мен чын дилимден, ак ниетим менен иштегенмин”.

Мындай пикирин Бишкектеги Свердлов райондук сотунда уланган кезектеги сот отурумунда мурунку премьер-министр Сапар Исаков адвокаттын анын активдери тууралуу суроосуна жооп берип жатып айтты.

- Атамбаев ар дайым “эч кимден акча албагыла, акча керек болсо мына, менден алгыла” деп айтчу. Ал эми менин атам болсо өлкөнүн түштүк аймагында 43 жыл иштеген жана мен атамдын ысымын булгагым келбейт, - деп кошумчалады анда Исаков.

Эске сала кетсек, 2018-жылдын кышында Бишкектеги  ЖЭБ аварияга учурап, шаар тургундары бир жума бою жылуулуксуз суукта жашашкан. Териштирүүдөн соң ЖЭБДи оңдоп-түзөө иштеринде коррупция бар экени аныкталып, кылмыш иши козголгон. Буга байланыштуу мурдагы өкмөт башчылар Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев баштаган бир топ мурунку чиновниктер камакка алынышкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости