www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Атамбаевди токтоосуз камаш керек, акыркы 6 жылда Кыргызстанда кандай жаман иштер болгон болсо анын баарына Атамбаев күнөөлүү деп бакылдап жүргөн Равшан Жээнбеков Аатамбаевдин акчасына заматта сатылып, анын кулуна айланды. “Пулуң болсо кулуңмун” деген принципти бекем кармаган Равшан Бабырбекович “кароосуз” калган экс-президентти болушунча “саап” жатканын жакындан билгендер кабарлоодо. Ал Атамбаевга маалыматтык жактан да колдоо көрсөтүп, учурдагы бийликти каралоо үчүн атайын топ түзүп иштеп жатканын уктук.
Равшан Жээнбеков Атамбаевди азыркы “тупиктен” алып чыгууну сунуштап, аны ишке ашыруу үчүн экс-президенттен өтө ири суммадагы “грант” алганы кабарланууда. Мындай планын ишке ашыруу үчүн ал социалдык түйүндөрдө Атамбаевди колдогон жана учурдагы бийликти каралаган атайын фейктердин тобун түзүптүр. Алар көмүскөдө иштеп, Равшан Жээнбековдун ишенимдүү адамдары аркылуу акча алып турат дешет. Ошондой эле Равшан мырза Рита Карасартова, Бурул Макенбаева сыяктуу бейөкмөтчүлөрдү тартып, алар УКМКга асыла баштады. Анын деле жүйөсү бар. Анткени, аталган орган Атамбаевдин эң чуулгандуу кылмыш иштерин иликтөөгө алып, кылдаттык менен иштеп жатат.
Кыскасы, Равшан Жээнбеков учурда ууруларды коргоо менен Кыргызстандын тамырына балта чаба тургандай аракеттерге барууда. Муну коомчулук так билип алышы керек. Ал Атамбаевдин акчасына жалданган “көмүскө топ” менен эмнени пландап жатат?
Булак:Чалкан