www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Көп учурда ойнолуучу карта же кофенин түбүндө калган уютмасын төлгө кыларын угуп-көрүп келгенбиз. Аалам табышмакка бай демекчи, дүйнө жүзүндө жашаган ар түркүн эл эртеңин же келечегин көрүү үчүн ойго келбеген адаттан тыш төлгөлөрдү да сынап көрүшөт экен. Айрымдары менен тааныштырабыз.
*Оомантия - тооктун жумурткаы аркылуу тагдыр белгилерин көрүү. Байыркы славян эли жумуртканы сууга чегип, андан кийин пайда болгон белгилерге карап келечегин жоромолдошкон. Жумурткага байлаыштуу дагы бир таң калычтуу төлгө айрым учурда колдонулганы айтылат. Азыркыдай медицина өнүгө элек кезде курсагындагы күмөндүн ким экенин билүү үчүн кош бойлуу келин жумуртка басып жаткан тооктун алдынан бирди сууруп алып чегип көрөт, чыга элек жөжө тоок болсо - кыз, короз болсо - уул бала төрөлөт деген белги.
*Алектромантия деп аталган төлгөнүн негизги каарманы - короз. Бул төлгө адегенде Байыркы Грецияда көп колдонулуп андан дүйнө жүзүнө тараган. Максаты - турмушка чыга элек селки болочок түгөйүнүн кандай адам экендигин билүү. Төлгөнүн эрежеси боюнча, жыл тогошор түнү эки табак жана тирүү тоокту кармап келип коюшат. Табактын бирине дан жана монетка, экинчисине суу куюп бир кулач алыс жерге тоокту байлап коет да баары даяр болгондо корозду кое берет. Төлгөнүн максаты короздун аракети менен айтылат, башкача айтканда, болочок күйөө эгер короз дан менен монетка бар табакка биринчи барса, байлыктын жолун тапкан бардар, эгер суу ичсе ичкиликти жок дей албаган эрки жок, кокус тоокко жакын барса кыз жандуу болот деп божомолдонот экен.
*0ктябрь революциясына чейинки мезгилдерде төлгөнүн иппомантия - аттын басыгы боюнча талданган төлгөлөр тактыгы менен айырмаланган экен.
*Жан дүйнөсүнө бүлүк салган маселе же суроонун божомолун, багытын дейбизби билгиси келип ынтызар болгондор үчүн китептеги жазуулар төлгө болору белгилүү. Мындай төлгө библиомантия деп аталат. Маселен, Куран же башка эле адабий китепти алып, сыртын үч жолун кармалап, бир барагын шарт ачат. Андагы жазуулар төлгө тартып жаткан кишинин ойлогонуна жооп болуп дал келиши мүмкүн, же болбосо акыл-насаат, же бир окшош турмуштук окуя болуп калышы ыктымал. Чечим ар кимдин өз мойнунда.
*Тоголок баш пиязды колдонгон төлгө хромниомантия деп аталат. Адатта курбулар арасында ким биринчи турмушка чыгар болду экен деген суроого жооп алыш үчүн төлгө салынат. Пияздын кабыгына кыздар атын жазып кышында бир идиштеги сууга салышат, башка мезгилде жерге отургузушат, кимдин аты жазылган пияз биринчи өнсө ошол кыз биринчи турмуштанат деген жыйынтыгы бар.
*Мистикага бай төлгө сциомантия деп айтылат, мында адамдын көлөкөсүнө карап окуяны божомолдошот. Байыркылардын пикиринде, адамдын көлөкөсү анын жан дүйнөсүн чагылдырып турат деп ишенишкен.
*Хиромантияалакандагы кыйма сызыктарга жашырынган маалыматтарды чечмелеген кеңири тараган төлгөнүн түрү. Хиромантия да өз ичинен бутактарга бөлүнөт, дактиломантия деген түрүндө адамдын тагдыр белгилерин манжалар аркылуу чечмелешет. Мында манжалардын узун-кыскалыгы эсепке алынат экен. Маселен, баш бармагы узун адам өжөр болот деген сыяктуу.
*Төлгөлөрдүн ичинен эң кызыктуусу - трансатаумантия деп аталат. Көргөн же уккан нерсеге карата божомол кеп айтылат. Маселен, курсагындагы күмөн ким экенин билбеген кош бойлуу келин Жаңы жыл тосордо сааттын жебеси он экини кагып, эл куттуктоо айтышардан бир көз ирмем эрте чыгып кимдин (аял же эркек) үнүн биринчи укса, наристенин жынысы ошондой болот дешкен. Кээде бир учурлар болот, санаа басып, эс ала албай чарчаңкы жүз менен багытың жок бет алды кетип бара жатканда тааныбаган бирөөлөрдүн эле маегин эшитип алып, ошондо дароо жаңы идея же чечим кабыл аласың. Же бейтааныштын дагы бирөөгө айтып жаткан акылы сиз кечирип жаткан жагдайдын ачкычы болушу да ыктымал.
Эң негизгиси - тагдыр жооп кылган белгилерди бурмалабай туура окуганыбыз маанилүү!
Даярдаган Айыма