www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews.kg маалымат агенттиги кандай маселе болсо да, өзгөчө көз карашы бар саясатчы Равшан Жээнбеков менен азыркы саясий кырдаалдын алкагында баарлашты...

-Равшан мырза, экс-президент Алмазбек Атамбаев азыркы бийликти Бакиевдин доору менен салыштырды. Азыр Бакиевдин убагындагыдай көрүнүштөр орун ала баштадыбы?

-Азыркы убакты Бакиевдин убагы менен салыштыруу адилетсиз болуп калат. Ачыгын айтыш керек азыр массалык маалымат каражаттарына, журналисттерге басым жок. Алар эркин, каалаган бийлик өкүлдөрүн, президентке чейин сындап иштеп атышат. Азыр саясатчыларга, активдуу жарандарга басым, коркутуу жок. Каалаган адам каалаганын айтууда, каалаган саясатчысын колдоодо. Саясий эркиндик, сөз эркиндиги багытында биз азыркы президенттин убагыда бир топ алдыга жылган кадам жасай алдык.

-Атамбаев менен Жээнбековдун курчуган тирешин эмне токтотушу мүмкүн?

-Бул конфликт токтобойт. Бул тарыхта калчу саясий конфликт болот. Саясий күчтөрдүн, медианын токтотууга аракет кылуусунун деле зарылчылыгы жок. Бул саясат. Мурдагы президент менен азыркы президент каалап -каалабай, билип - билбей өлкөдө саясий атаандаштык, бийлик - оппозиция, ачыктык, бири бирин контрол баалуулуктарын жаратышууда. Бул жалпысынан өлкө үчүн жакшы көрүнүш. Негизи, эми, эки тарап тең, компромат, таарынычтардан өйдө көтөрүлүп, өлкөнүн келечеги, экономика, жумушсуздук, тышкы саясат сыяктуу конструктивдүү талаш-тартыштарга, идеяларга дагы өтүшү керек.

-Каалайбызбы, каалабайбызбы экс-президент менен азыркы президенттин тиреши күндөн күнгө күчөй баштады. Экөө тең актанып. Кандай маселе болсо да өз  чындыктарын айтууга аракет кылып жатышат. Кимисинин жообу сизди көбүрөөк ынандырды?

-Мага, профессиналдуу саясатчы катары экөөнүн тең бири бирине болгон таарынчтары, бөлө албаган бийликтери маанилүү эмес. Булар пендечилик гана таарынычтар. Мага экөөнүн саясий тирешинен өлкө, кандайдыр бир өнүгүүгө дуушар болобу жокпу ошол маанилүү.

-Атамбаевдин айтканына көңүл бура турган болсок, Кыргызстанда түрдүү пикирлердин күч алышына себеп болгон “шайлоо кассасы” Илмияновду камакка алгандан кийин аргасыз чыгыптыр.  Илмиянов камалбаса, мындай нерселер унутта калат беле?

-Кыргызстанда  27 жылдан бери эле, парламенттик дагы, президенттик дагы шайлоолор коррупциялык, добуш сатып алуу, фальсификациялар, административдик басым менен өтөөрүн  мен эмес, кичине балдар деле жакшы билишет. Бийлик, өлкө, улут муну моюнга алып, оңдошубуз керек. Мындай жолдор менен кайра кайра жалган шайлоолорду өткөрө берүү бизди артка гана тартат. Атамбаев айтып аткан сөздөр ушунун гана бир далили. Эмне үчүн буга чейин көтөрбөгөнүн  Атамбаев өзү айтып берээр.

"Шайлоо кассасы" окуясы бул чоң саясий жер титироонун башы. Бул бийликти чоң кризиске алып келет. Себеби, менин оюмча, ал тизменин чын экенин, бийликтин кошоматчыларын, дежурларын кошпогондо, элдин баары эле түшүнүп турат.

Президент, Өкмөт, парламент бул тизме, шайлоо маселелери, саясий коррупция маселелери боюнча, башын катпастан, тескерисинче бул оор, жаман көрүнүштү чечкенге, жол көргөзгөнгө аракет кылышы керек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости