www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкекте алты миңден ашык мыйзамсыз курулуш бар. Бул тууралуу парламенттик комитеттин жыйынында Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын өкүлдөрү билдиришти. Маалыматка ылайык, аталган органдын өкүлдөрү баш калаадагы мыйзамсыз курулуштарды текшерип чыгышкан. Анын жыйынтыгында 3500ден ашыгын мыйзамдаштырууга мүмкүнчүлүк бар экени аныкталган. Ал эми калган курулуштар магистралдык жолдордун, электр зымдарынын алдында жайгашкандыктан аларды курууга таптакыр уруксат берилбеши керек.
Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинде “Өзү билемдик менен курулган үй курулмаларын мыйзамдаштыруу жөнүндө" мыйзам долбоору каралды. Аны депутат Чыныбай Турсунбеков иштеп чыккан. Мыйзам долбоору жаңы конуштарда айрым курулуштарды мыйзамдаштыруу максатын көздөйт.
Булак: NazarNews.kg