www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн комитеттик жыйында Сүйүн Өмүрзаков катышканына байланыштуу депутаттар андан Баткендеги прокурордун өлүмү боюнча маалымат берүүсүн талап кылды. Бирок Сүйүн Өмүрзаков бул маалыматтарды ачыктай албасын себеби журналисттер жана келген коноктор бар экенин айтты. Жыйынтыгында депутаттар залдагы журналисттерден чыгып берүүсүн өтүнүп прокурордун өлүмүнүн чоо-жайын жабык эшик артында угушмай болду.

Эске сала кетсек, Баткен облусуна прокурор болуп ушул жылдын 30-май күнү дайындалган Анарбай Мамажакыповдун жансыз денеси жекшембиге караган түнү Баткен шаарынын Тажикстан менен чектеш аймагындагы ээн сайдан табылган. Прокурор 17-ноябрдан бери дайынсыз болуп, телефонго жооп бербей жаткандыктан жакындарынын кайрылуусу менен милициянын ыкчам тобу аны издей баштаган.

Прокурор менен акыркы жолу чогуу болгон деген күбөлөрдүн көрсөтмөсү боюнча облустагы мекемелердин биринин жетекчисине барган учурда автоунаада кандын тактары табылган. Автоунаа Баткен шаарынын тургуну, жеке ишкерге таандык болуп чыкты.

Бул окуя боюнча “адам өлтүрүү” беренеси менен кылмыш иши козголду. 

Анарбай Мамажакыповдун аркасында 4 баласы калды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости