www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Таштанды жана резиналарды мешке жаккан шаардыктарга айып пул салынат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы “NazarNews.kg” маалымат агентигине берген маалыматта айтылат.

Анда айтылгандай, санитардык норманы жана калаанын жакшыртуу шартын бузгандарды күн сайын борбор калаадагы акимиаттар менен санитардык-экологиялык инспекция биргеликте аныкташууда.

“Резина жана жалбырактардан чыккан түтүн – бул көмүртек кычкыл газынын булагы. Адамдын ден-соолугуна олуттуу зыянын тийгизет. Ал эми аны отко жагуу менен борбор калаанын абасын өтө булганч кылып, шаардагы биологиялык ар түрдүү заттарды жок кылат. Сураныч! Келгиле шаарыбыздын тазалыгын сактайбыз!” – деп айтылат мэриянын маалыматында.

Белгилей кетсек, таштандыны жагуу мыйзамды бузууга жатат. Ал үчүн 23 миң сомго чейин айып пул каралган.

Тагыраагы, аталган мыйзамга ылайык, күнүмдүк турмуш-тиричиликтен чыккан таштанды жана башка предметтерди ыргытып же өрттөгөн физикалык жактар – 5 миң 500 сомдон, 7 миң 500 сомго чейин, юридикалык жактар – 17 миң сомдон 23 миң сомго чейин айып пул төлөшөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости