www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Конкурс өткөндөн кийин 16 адам жаңы патрулдук милицияда кызмат кылуудан баш тартты. Бул тууралуу 5-ноябрда ички иштер органдарынын жол коопсуздугун камсыздаган бөлүмдөрүн реформалоо боюнча эксперттик жумушчу топтун жетекчиси Тамерлан Ибраимов жергиликтүү радиолордун биринин эфиринде айтты.

Анын айтымында, милицияда кызмат кылуу – маанилүү иш жана ал жакта бардык адам эле иштей албайт.  “Себеби, кызматкерге чоң психологиялык жүк менен күрөшүп, бейбаш, тартип бузгандар менен иштешүүгө туура келет. Иш күнү нормага келтирилген эмес. Күн-түн иштейсиң, -деп белгилеп кетти. 

Ошондой эле кызмат кылуудан баш тарткан 16 адамдын көпчүлүгүн жөнөкөй жарандар түзөрүн баса белгиледи. Анын айтымында, баш тартуунун себептери: “Мен кызматты мындай элестеткен эмесмин”, “Бул жерде саптык даярдык керек экен”, “Көрсө мага жакпайт экен”.

Ибраимов бул баш тартуулар болуп жүргөн эле көрүнүш экендигин билдирген: “Адам биринчи этапта эле өзүнө эмне керек, эмне кереги жок экенин чечип алганы жакшы”, -дейт Ибраимов.

Последние новости