www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Октябрь айынан баштап, суук түшкөн мезгилде курч мүнөздөгү респиратордук оорулардын  күч алышы белгилүү. Мына ушундан улам, азыркы тапта Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасында бейтаптардын саны көбөйгөн. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Жетекчиликтин айтымында, бир күндө орто эсеп менен 200 дөн ашык адам кайрылса, алардын  100гө жакыны  кеңеш алуу же амбулатордук дарылоо менен чектелишет. Демек, бул  жарандардын көбү   жашаган  аймагына караган эмканага барбастан, түздөн –түз жогоруда аталган ооруканага кайрылышат дегенди билдирет.

Ушуга байланыштуу , кабыл алуу бөлүмүнүн бөлүм башчысы Асель Балабасова: “Суук түшкөн маалда респиратордук оорулар күчөйт. Буга себеп - калктын ооруну алдын албагандыгында. Бирок, бизде азыр абал стабилдүү.  Ооруканабыз республика боюнча бардык бейтаптарды кабыл алат жана дарылайт. Ал үчүн бардык шарттар түзүлгөн. Учурда бардык лабораториялык анализдер өзүбүздө жасалат, күндүз сегиз дарыгер иштесе, түнкүсүн  төрт дарыгер кызмат көрсөтөт” – деп билдирди.

Кайрылган бейтаптардын арасында жаш балдардын саны көп болууда. Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасынын №2 бөлүмүнүн бөлүм башчысы Назгуль Мамбетова мындай деди: “Биздин бөлүм 30 койка\орунга эсептелгени менен азыр 40 баланы дарылап жатабыз.  Эң аз дегенде бир сутка,  кабылдоосу оор болсо, төрт-беш сутка дарыланып чыгышат. Ата-энелер ооруну убагында алдын алып, өзгөчө балдарды көзөмөлгө алуулары зарыл”.

Эскерте кетсек, аба ырайынын бузулушу менен  сасык тумоо сыяктуу курч мүнөздөгү респиратордук оорулар башталат. Ооруну алдын алып же жуктуруп албаш үчүн төмөнкү сунуштарды аткарса болот:

-жер-жемиштерге, витаминдүү тамактарга басым жасоо;

-көчөдөн келгенде, тамак ичээр алдында колду самындап, таза жууп туруу керек;

-бөлмөнү желдетип, тазалап туруу зарыл;

-суюктукту көп ичүү сунушталат;

-коомдук жайларда жүргөндө чүчкүргөндө, жөтөлгөндө бир жолу пайдаланылуучу бет аарчыны колдонуу, ал жок болсо чыканак менен ооз-мурунду жабуу керек.

Курч мүнөздөгү респиратордук оорулардын кандайдыр бир белгилерин байкасыңыздар, алгач жашаган аймагыңызды тейлеген Үй-бүлөлүк медициналык борборго кайрылыңыздар!!!

Булак: NazarNews.kg

Последние новости