www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ, 16-апрелде «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын жана Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчилиги кармалып, УКМКнын СИЗОсуна киргизилгени маалым болгон. Буга себеп биометрикалык паспорттордун бланктарын сатып алуу боюнча өткөрүлгөн тендердеги шарттарды бузуу фактысы болгон. Демек, коррупция жойлогон. Бул тууралуу маалыматты БеспределKG-КР жазып чыкты. 
Анан ошол эле күнү бейөкмөтчү Рита Карасартова ошол коррупцияга айыпталып аткан чиновниктерди коргоп дагы эки укук коргоочу менен чогуу УКМКнын имаратынын алдына митингге чыкты. Бул митингди Рита айым өзү уюштуруп, мамлекет башчысына кайрылуу жасап, Коопсуздук кеңешин чакырууну жана тергөө аяктаганча УКМК төрагасы Идрис Кадыркуловдун ыйгарым укуктарын токтотуп туруу талабын койду. 
Буга чейин биз Рита айымдын гей-лесбиянкалардын жөө жүрүшүн колдоп чыкканын көргөнбүз. Эми минтип коррупционерлерди коргой баштады. Бизге ушундай укук коргоочунун кереги барбы деги? Аны убагында адашып Омбудсмен кылып тандап албаганыбыз жакшы болгон экен, деп кошумчалаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости