www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ажонун уруулаш тууганы, «Теңизбайлардын» аксакалы, Конститутциялык соттун судьясы, кадимки Курмантай Абдиев Бишкек мэри Азис Суракматовдун карачечекей кайын атасы экенин жалпы эл жакшы билет. Мэрлик кызматка такыр жарабаган Суракматов кайнатасынын кадыры менен келип калганы жалпыбызга маалым. Бул адам иштемиш этип жатканы менен мэриянын ичиндеги былгыган иштер барган сайын ачыкка чыгып жатат. Буга дагы бир мисалды келтирели.
Жакында мэр "Электронное билетрование" деп аталган тендер өткөрдү. Бул деген, эл шаардагы коомдук транспорттордон баштап, кичи автобустарга чейин электрондук билет сатып алып, ошол боюнча жол кире төлөп калышат дегенди түшүндүрөт.
Мына ушул маселе боюнча өткөрүлгөн тендерге үч компания катышып, бардык талаптар боюнча (кепилдик акчасын да банк аркылуу алдын-ала которгон экен) "Шанхай Шенту" компаниясы утуп чыккан экен. Аталган компания бир билет үчүн 52 цент сунуштаган. Бирок мэрия болбогон шылтоолор менен аталган компанияны четке сүрүп, 72 цент сунуштаган швейцариялык ВРС Вanking Теchnologeis компаниясын жеңүүчү кылып койгон. Бул аз келгенсип, швейцариялык компания мэрияга кепилдик катары алдын - ала акча берген эмес. Кийин нааразычылык чыкпасын деген ниетте, 72 цент деп көрсөтүлгөн бааны 49 цент деп оңдоп жазып коюшкан. Негизи бул компания швейцариялык деп аталганы менен орустардыкы экени айтылууда.
Тендерди мэрияга караштуу жүгүнчүлөрдү ташуу боюнча автотранспорт ишканасынын жетекчиси Нурлан Койчубаков өткөрүп, болушунча чалмакейди чалгандыгы ачыкка чыга баштады. Көрсө, Койчубаковду жакында эле мэр Суракматов дайындаган экен. Экөөнүн мамилеси жакшы, бирин-бири колдогондордон экенин билгендер айтышууда. Деги эле Койчубаков деген неме, "баскан жерине чөп чыкпашын" куураткырлардын бири катары элге таанылып калган эргул экен.
Эл унутуп калбаса, эске сала кетели, бул адам бакиевдердин коюн-колтутуна кирип, 2007-жылы "Ак-Жол" партиясынан Жогорку Кеңешке депутат болгон. Депутат болгону курусун, аталган партиянын ошол учурдагы депутаттар кыргыздын "Каркырасын" казактарга карматып жиберген чыккынчылар эмеспи. Андай шумпайларды эл да, тарых да кечирбейт. Ошентип, Суракматов тендер маселеси боюнча Койчубаков аркылуу өзү менен жакшы тил табышкан гана компанияларды жең ичинен жеңүүчү кылып, башкаларды утуп алса да, четке сүрүп жатыптыр. Мындай темп менен жүрүп олтурса, Койчубаков да, Суракматов да соо калбай, көп узабай кызматтарынан кол жуушу толук мүмкүн. Президентке деле алардын мындай былыктары бат эле жетет. Калысмын деген ажобуз ошондо бир калыстыгын кылаар...
Булак: Багыт.кж