www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
NazarNews.kg маалымат агенттиги кечээ жакында эле сунушталган кызматтан баш тарткан Рита Карасартова менен баарлашып, кызматтан баш тартканынын себебин билдик.
-Рита эже, Социалдык өнүктүрүү министрлигинин орун басарлык кызматынан баш тартканыңыз кызматтан көзү каткан көп адамдарды таңгалдырды. Эмне үчүн түшкөн сунушту кабыл албай, баш тартып койдуңуз?
-“Бөдөнөнү сойсо дагы, касапчы сойсун” деп коет кыргыз элинде. Сунуш түшкөндө алгач ал тармакта эмнени өзгөрткүм келет деп өзүмө өзүм суроо бердим. Демилгем деле, планым деле жок болуп чыкты. Аталган тармак боюнча жарытылуу демилгем болбосо. бир нерсени өзгөртө албасам барганда не кылдым деп баш тарттым.
Мен табиятымдан кызмат болсо эле болду деген жан эмесмин. Эптеп илешип калайын деп кызматтык орун үчүн эле жанталаша бербейм. Эгер мага тааныш эмес тармак болсо, баш тартам. Себеби, өзүмө мага ишенип берилген тармакты гүлдөтүп, ишин жакшыртып, реформа жасап, өнүктүрө аламбы деп суроо берем. Эгер андай кылууга көзүм жетпесе барыштын кажети жок деп билем. Эгер Акыйкатчы же жергиликтүү өз алдынча башкаруу системаны туура жолго сала турган иш болсо, ойлонбой туруп бармакмын. Анткени, ал тармакта менде тажрыйба бар. Ошол тажрыйбам менен ушундай реформа жасайм деп пландамакмын. Ошондой эле мен ойлогон багыт жалпы өкмөттүн, мамлекетти өнүктүрү багытына туура келеби, алдыга койгон максатымды ишке ашырууга мүмкүнчүлүк берилээрине ишенсем гана макулдугумду берем. Анткени, колу-бутум тушалып, эч кандай маселе чече албаган, аты кызмат болгон, бирок эч нерсени өтөөсүнө чыгара албаган ишке аралашуунун кажети жок деп билем.
-Кыргызстанда көпчүлүк чиновниктер кызмат болсо эле болду деп өзүнө тааныш эмес тармакка деле жетекчи болуп бара беришет го. Сиз эмне үчүн алардай жанталашпадыңыз? Балким, ал жакты деле өздөштүрүп, өнүгүшүнө салым кошмоктурсуз...
-Мен үчүн кызмат баалуу, маанилүү деле эмес. Ошон үчүн ушундай чечимге келдим. Университетте кафедра башчысы болуп деле эмгектенгем. Элден артыкчылыктуу болоюн. Колумда кызматым болсо эле болду дебеген жанмын. Сунушталып калды, бара берейин, мындан кийин кызмат берилбей калса, не кылам дебей эле түшкөн сунуштан баш тартып коём.
Булак: NazarNews.kg