www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өлкөнү эки гана тармак дүйнөгө дүңгүрөтөт. Ал спорт жана маданият. Кудайга шүгүр кыргыз спортчулары чет жакка чыгып биринен өтүп бири, спорттун ар кандай түрлөрү менен өлкө желегин желбиретүүдө. Бу сапар биз спорттун Таэквон-до ITF түрү боюнча КМШ мамлекеттеринин ортосунда Казакстандын Актөбө калаасында 3-4-ноябрда өткөн турнирдеги Ата Мекендик спортчулардын ийгиликке жеткенин кубанычтуу кабарлагыбыз келди.

Бул турнирде Кыргызстандын намысын 28 спортчу коргоду. Анын ичинен Ала-Бука районунан 4 спортчу жигердүү катышып төмөнкү медалдарды багындырды. 1. Максатбек Нарынбай уулу - алтын 76 кг салмакта (22 жаш) 2. Дүйшөн Давлеталиев - күмүш 60 кг салмакта (15 жаш) 3. Бакыт Сапарбек уулу - күмүш 35 кг салмакта (12 жаш) 4. Бектур Турдуматов - коло 32 кг салмакта (11 жаш) Турнирге Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Россия өлкөлөрүнүн спортчулары катышты.

Баса белгилеп айтып коюу керек Кыргызстан жалпы командалык эсепте 1-орунга чыкты. Бул тууралуу алтын медалды багындырган спортчубуз Максат Нарынбай уулу кабарлады. Максат бүгүнкү күндө Ала-Бука районунда Таэквон-до спортунун машыктыруучусу.

Даярдаган: Курманбек Ниязбеков

Булак: NazarNews.kg

Последние новости