www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Бөрү-Баш айылынын тургуну Нурлан Асанбеков баласы Эрмек Касымовду милиция кызматкерлери сабап, өлтүрүп койгонун айтып, акыйкаттыкты талап кылып, өлкө президентине видео кайрылуу жасады. Бул тууралуу маалыматты Азаттык билдирди.

- 22-октябрда баламды милиция кызматкерлери сабап, өлтүрүп коюшту. Ушуларды акыйкаттык менен жоопко тартып, ушундай адамдарды жок кылууну сизден суранам. Баламды өлтүргөндө да кыйнап өлтүрүштү, башына пакет кийгизип, колуна кишен салышкан. Баламды эс-учун жоготкончо сабап, аябай кыйнашкан. Ушуну акыйкат баамдап, туура чечип берүүңүздү суранам.

Нурлан Асанбеков "Вентус" коомдук фондуна кайрылган. Фонддун маалыматы боюнча 18 жаштагы Эрмек Касымов Ак-Суу райондук ички иштер бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери тарабынан мал уурдоо фактысы боюнча бир нече ирет суракка алынган. 22-октябрда ал дагы бир жолу суракка чакырылган. Андан кийин көп өтпөй Бөрү-Баш айылында даракка асынып алган Касымовдун денеси табылган.

Ысык-Көл облустук милициянын басма сөз өкүлү Сталбек Усубакунов учурда облустук прокуратура текшерүү иштерин жүргүзүп жатканын, Эрмек Касымов суракка 19-октябрда гана чакырылганын "Азаттыкка" билдирди:

- Атасы видеодо "баламды кыйнап өлтүрүп салышты" деп жатат. Бирок баланын денеси бакка асылган жерден табылган. Соттук-медициналык экспертиза сыртынан карап текшерүү жүргүзгөндө анын мойнунда жиптен калган тактан башка так табылган эмес. Ал бала 19-октябрда берген түшүнүк катында кылмышты мойнуна алып, ар бир койду 12 миң сомго сатканын айтып, "сүйлөшкөн кызыма телефон алып бергем" деп жазган.

Усубакунов учурда бул факты боюнча териштирүү уланып жатканын кошумчалады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости