www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Усубалиев менен Масалиев азыркы замандагыдай кырылышпай бири-бирин сыйлап өтүшкөн. Булардын заманында Кыргызстанда административдик-аймактык реформалар болуп «алты облустуу Ала-Тоо» 2 облуска чейин кыскарган. Баткен, Жалал-Абад, Ош чогуу - Ош облусуна баш ийип, Ысык-Көл –Нарын бир облус болгон. Чүй, Талас республикага баш ийген.

Административдик-аймактык реформа керекпи?

Албетте, керек. Бул үчүн дүйнөлүк практикада колдонуп келаткан жагдайларды да салыштырып көрүш керек. Мына, мурунку союздаштарыбыздын бири Грузия, калкы 5 жарым миллиондон ашуун, бирок курамынан Абхаз автономиялуу республикасы менен Түштүк Осетия автономиялуу областы кирер кирмексен. Андан башка Ажар автономиялуу областы менен республикага баш ийген 66 району бар. Облус дегени жок.

Албаниянын 4 миллионго жакын калкы бар, 26 районго бөлүнгөн. Арменияда да 4 миллион калкы менен 36 районго бөлүнгөн. Даниянын калкы биздин Кыргызстан менен тең чамал, 5 миллиондон бир аз көбүрөөк, Гренландияны кошкондо 14 эле административдик бөлүктөн турат. Финляндиянын калкы да биз менен чамалаш, административдик жактан 12 губернияга бөлүнөт. Гондурас республикасы калкы 5 миллиондон ары ооп кетет, 18 гана департаменти бар болсо, ошол менен тең чамалаш Иорданиянын калкы 8 гана провинцияга бөлүнөт экен.

Биз менен калкынын саны бирдей Лаос 16 провинцияга, Ливия 10 мухафазага (округ), Парагвай 16 департаментке бөлүнсө, биздин мамлекеттен калкы бир аз азыраак Норвегия 20 фюлькелерге, Молдова 36 районго, Литва 44 районго бөлүнөт.

Башка мамлекеттердин административдик-аймактык бөлүнүштөрүн карап отуруп, бизде облус, район деген бюджетибизден ашыкча «жем» жегендер, жүк болуп жатканын байкасак болот. Ошондуктан, бюджетибиздин жүгүн жеңилдетүү үчүн административдик-аймактык реформага барышыбыз зарыл.

Мухафаза, фюльке, департамент, провинция, дубан…

Ар мамлекет өзүнүн административдикт бирдигин өзү каалагандай коюп алышса болот. Эмне үчүн биз союздан калган область, район дешибиз керек? Кыргызда дубан деген, аймак деген бирдиктер бар. Ушуларды колдонсок биздин чапаныбызды бирөө чечип алмак беле?

Өткөн кылымда Кыргызстанда административдик-аймактык көптөгөн реформалар болгон. ХХ- кылымдын башында Россияга караган кыргыз аймагы азыркы Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын аймагы Жети-Суу областынын Пишпек жана Пржевальский уездерине тиешелүү болсо, Талас облусунун аймагы Сыр-Дарыя областынын Олуя –Ата уездине казактар менен бирге карап, Лейлек районунун аймагы Самаркан облусунун Хожент уездине кирип, калган түштүк кыргыздар Фергана облусунун Наманган, Анжиян, Ош, Маргалаң жана Кокон уездерине өзбек, сарт,тажик менен аралашып баш ийген. Россия империясы майда улуттардын кызыкчылыгын коргогон эмес.

Кыргыз эли көрүнгөн облустун, көрүнгөн уездерине баш ийип келишкен. Уездер болуштуктарга бөлүнгөн.

СССР түзүлгөндөн кийин деле бир топ административдик-аймактык өзгөрүүлөр болду. Мисалы Жалал -Абад, Талас, Чүй бир нече ирет жоюлуп кайра түзүлдү. Баткен кийин гана түзүлгөн облус. Областты жоюп кайра, түзүп отурушуп, СССР тараар алдында Ош жана Ысык-Көл облусу калган. Биздин мамлекетке жарым пашаа боло турган супер облустардын кереги жок.

Тарыхий өнүгүү шарты бирдей аймактар бар, бул аймактар кайсы бир убакта бир район болуп келишкен. Кыргызстанда өрөөндөр бири-биринен тоо кыркалары менен бөлүнүп, экономикалык жана жана башка шарттары бирдей калыптанган. Тарыхий өнүгүү шарты бирдей аймактар бар, бул аймактар кайсы бир убакта бир район болуп келишкен. Ошондуктан, аларды ирилештирип, бириктирип койсо, өз оокаттарын мурункудай эле жөндөп кетишет.

Алсак, Базар-Коргон менен Ноокен, Чаткал менен Ала-Бука, Сокулук менен Москва, Алай менен Чоң Алай, Манас менен Кара-Буура. Бир убакта кандай бирдиктүү район болсо, ылайыкташтырып бириктирип туруп, ошол мезгилдеги райондун борборун дубанга борбор кылып койсо, бул райондордо чоң көйгөй болбойт. Обочолонгон Тогуз-Торо эптеп Жалал-Абадка жармашып мыкты өмүр сүрмөк. Жаңы түзүлө турган дубандар деле кыйынчылыкты жаратпайт. Анткени, ал дубандардын борборлору азыркы областтын борборлору, же ири шаарлар. Ошол тегерек четтеги жашаган эл, ансыз деле ушул шаарларга келип-кетип, бекем катнашта жашашат.

Мына карап көрсөңүз: Каракол шаарын дубандын борбору кылып, Ак-Суу району менен Түптү кошуп койсо болот. Ал эми Балыкчынын борбор кылып, Ысык-Көл менен Тоң районун кошсо неге болбосун. Жалал-Абад шаарына Сузак менен алыстагы Тогуз-Торону кошуп койсо, обочолонгон Тогуз-Торо эптеп Жалал-Абадка жармашып мыкты өмүр сүрмөк. Токмок шаарын Чүй менен Кеминди, Талас шаарына Талас менен Бакай-Атаны, Баткен шаарына Баткен району менен Лейлекти, Нарын шаарына Нарын району менен Ак-Талааны кошуп, Кара-Балта шаарына Жайыл району менен 1977-жылы бөлүнгөн Панфилов районун кошсо, 8 экономикалык жактан күчтүү, тарыхий жагынан орундуу ири дубан түзүлмөк.

Калкынын саны аз болсо да , өзүнчө өрөөндөрдө жаткан Токтогул, Ат-Башы, Кара-Кулжа, Аксы, Кочкор, Жумгалга да дубан деген статус берип, ал эми калкынын саны жетиштүү Кара-Суу, Ноокат, Өзгөн, Кадамжай, Ысык-Ата, Аламүдүн, Араван, Жети-Өгүз райондоруна өзгөртүүсүз калтырып. ушул бойдон дубанга айлантсак, баары биригип Кыргызстанда 27 дубан болуп калат экен.

Азизбек Келдибеков, журналист

Булак: NazarNews.kg

Последние новости