www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россияда кыргызстандык жигит каза болду

Санкт-Петербургдун Невский районунда Кыргызстандын 24 жаштагы жараны каза тапты. Жалпыга маалымдоо каражаттарындагы маалыматтар боюнча, кыргызстандык жаран кафеде башына бөтөлкө менен урулгандан соң, алты күндөн кийин ооруканада каза болуп калган.

Шектүү маркум каза тапкан күнү ошол аймактагы көчөдөн кармалганы белгилүү болду. 1-январдагы уруш учурунда шектүү маркумдун башына бөтөлкө менен чапкан деп айыпталып жатат.

Кокустуктан өлүмгө алып келген оор жаракат келтирүү беренеси менен кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости