www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 Мамлекет башчы Садыр Жапаров менен Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлады.

Мирзиёев Жапаровду Кыргызстандын Көз карандысыздыгынын 31 жылдыгы менен жылуу куттуктап, боордош элге жакшы каалоо-тилектерин айткан.

Ал эми Жапаров куттуктоого ыраазычылык билдирип, эки тараптуу кызматташтыктын жогорку деңгээлин канааттануу менен белгилеген.

"Ал көп кылымдык тарыхый байланыштары бар эки элдин ортосундагы мамилени акыркы жылдарда стратегиялык өнөктөштүктүн жаңы деңгээлине чыгаруудагы Шавкат Мирзиёевдин жеке салымын өзүнчө белгиледи", — деп айтылган маалыматта.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө эки президент быйыл, 15-16-сентябрда, Самаркандда өтө турган Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын саммитинин күн тартибин да талкуулаган.

Жапаров андан сырткары биргелешкен күч-аракет менен бир туугандык жана ынак коңшулук кыргыз-өзбек мамилелери мындан ары да динамикалуу жана ырааттуу өнүгө берерине ишенимин билдирген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости