www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин жаңы шайланып келген депутаттарын элдин акчасына үнөмдөөгө чакырды. Бул тууралуу Президент өзүнүн Facebook баракчасы аркылуу Кайрылуу жасады.

«7-чакырылыштагы Жогорку Кеңештин урматтуу депутаттары,

Жогорку Кеңештин Иш башкармалыгы Президенттин Иш башкармалыгы менен биригип калыптыр, кайра өзүнчө бөлүп алалы» деген пикирлериңиздерден кайтышыңыздарды өтүнөм.

Президентти, парламентти, министрлер кабинетин бир эле Иш башкармалык тейлейт. Баарына бирдей баш иет. Себеби бул - мамлекеттик мекеме. Силерди тейлейм, а силерди тейлебейм деген принцип болбойт.

 Эмне муктаждык болсо, билдирме бересиздер камсыз кылышат. Кылбайбы, арыз жазгыла. Жетекчилери дароо жооп беришет, керек болсо кызматтан кетишет. Өзүнчө бөлүп алганыңарда бюджеттен кошумча көп каражат кетет. Кошумча штаттар ачылат.

Элдин акчасын үнөмдөйлү. Өзүнчө бөлүп алсаңыздар эле бир башкача тейленип кетпейсиздер.

Баарыбызды бир эле Иш башкармалык бирдей тейлеп жатат жана тейлей берет. Төшөгүбүзгө жараша бутубузду суналы. Элдин акчасын үнөмдөө үчүн баарын бириктирип, бир эле башкармалык тейлесин дедик», - деп белгиледи Жапаров.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости