www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Оо, анда шайлоо учуру болучу. Дегеним, тээ-тетиги бир ай мурда өткөн өнөктүктүн алдында ЖК депутаттыгына талапкерлигин коюп өрөпкүп алгандар өйдө төмөн чуркап. Өзү келип учурашып, көрсөткөн жериңди өөп ийүүгө даяр немедей ийилип турган мезгил эле.

Чындык үчүн күйүп, чындап элин сүйүп тургандай сезилген. Талапкерлигин койгон округда көп көйгөйлөрдү көрүнгөн эле келип чечип бербесин, ага ошо өрөөндөн чыккан жалгыз өзү гана ЖКда туруп көз салаарын саймедиреген. Эч кимге сатылбасын, эч кимди сатпасын айтып, касам ичкен.

Ортодон отуз күн өтпөй жатып оңкосунан кетишти.

Ак үйдүн астанасын аттап кирип-кирбей жатып "аңгиси" күчтүүлөрдүн аброюн өстүрүүгө аракеттеништи. Аларга аркасын тосуп, тизмесине өздөрүн кошуп алышты.

Алыста калган айыл элинин абалы, алардын аманаты Ак үйгө баргандарды анчейин деле ойлонпой турганы ачыкка чыкты.

Калктын камын көрчүдөй, карегиң менен тең айланчудай болуп турган талапкериң, тажылуулардын алдын келгенде таманына сыз өткөрбөй талпак болуп берүүгө да даяр экенин көрсөтүштү. "Колоңсо жыттанган колтуктан жылуулук издеген коңуздай" деген лакап бекер айтылбаса керек.

Мурдубузга бок сүйкөлгөн биз болсо, "эми гана башталды, убакыт беришибиз керек" - деп жалдырап карап, ишенимибиздин сатылганын ит капканчалык көрбөй турабыз...

Сайпидин Султаналиев, журналист

Булак: NazarNews.kg

Последние новости