www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Британиялык “Financial Times” гезити  Фейсбуктун “WhatsApp” байланыш аркылуу хакерлер адамды көзөмөлдөөгө толук мүмкүнчүлүк алганын алгачкылардан болуп жазып чыкты.

Вотсап номери “Фейсбукка” катталган уюлдук телефонго алгач хакерлер чалып көрүшкөн. Кардар чалууну албаса деле, смартфонго зыяндуу программа орнотулуп калат да, телефондогу камера жана микрофон аркылуу адамдын баскан – турганын көзөмөлдөп турушкан.

Бул техникалык мүчүлүштүк аныкталгандан кийин, АКШнын атайын органдарына кабар берилген. Бул шпиондук программаны Израилдеги фирма иштеп чыккан.

Дүйнөдө 1,5 миллиард адам пайдаланган “WhatsApp” аталган мандем оңдолгонун, аны жаңылап алууну эскертүүдө.

Булак:NazarNews.kg

Последние новости