www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, Ош шаардык кеңешинин отурумунда, журналист Ыдырыс Исаковдун  кечээ 13-майдагы Ошто көмүскө кумарканын жанындагы жаңжалдан улам шаардагы жашыруун  кумарканалар тууралуу сөз болду.

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов, көмүскө кумарканалардын иштешине кызыкдар милициялар бар экендигин ачыктап, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы Муратбек Бороновдун мында тийешеси жок жана ал эми буга катуу чара көрөөрүн билдирди.

Шаардык кеңештин депутаты Р.Турдуев, журналист күбө менен барып кумаркананы аныктап берип жатса, ал жерге экспертиза жүргүзүү керек деген милицияларды айыптап чыкты.

“13-майда журналисттер көмүскө иштеп жаткан жайды кумаркана экенин арызданган күбө менен барып далилдеп жатса, силер экспертизаны айтасыңар. Күбөнүн акча уттурганы экспертиза эмеспи?”, - деп айтты депутат.

Булак:NazarNews.kg

Последние новости