www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

-Кайсыл беренелердин негизинде кылмыш иши козголгонун толук айтып берсеңиз?

-Равшанга бийлик ыраазычылык билдириштин ордуна, жалган көрсөтмө менен камашты. Оппозицияны жок кылалы дешти окшойт. Жети оор беренелер менен күнөөлөп жатышат. Негизги койгон айыптары: адамды барымтада кармоо, баш аламандык уюштуруу жана бийликти күч менен басып алууга аракет кылуу. Бирок алардын койгон айыптары суу кечпейт жана мыйзамсыз! Равшан тетирисинче, атайын кызматтын жигиттерин коргоп, сактап жүрдү, милиция менен элдин кагылышуусун болтурбоого аракет кылды. Ал боюнча далилдүү видеоматериалдар турат го. Тилекке каршы бийлик бул нерселерди көрбөй, шайлоого жеткирбей саясаттан кетирели дешти окшойт.

-Коюлган айыптар боюнча Равшан мырза өзү эмне деп жатат?

-Ал күнөөсү жок экенин билет. Баары жакшы болооруна ишенет. Аягына чейин бул бийлике каршылык көрсөтөөрүн, күрөшөөрүн айтып жатат.

-Өз чындыгы үчүн акыр аягына чейин күрөшүүгө дайын экенин, духу күчтүү экенин айтып жатышат. Деги эле акталып чыгуусуна ишеними чоң болсо керек?

-Ал 20 жылдан бери Кыргызстанда демократиялык реформалар үчүн күрөшүп келатат. 15 жылдан бери оппозицияда. Бул бийликтен коркпосун, демократия, адам укутары, укуктук мамлекет үчүн мындан ары дагы күрөшөөрүнө ишенем. Ал бул баалуулуктарга өмүрүн арнаган адам.

-Учурда коомчулук уул-кыздарыңыздарга абдан ыраазы болуп жатышат. Тарбияны мыкты бергениңер көрүнүп турат. Алар атасын коргоо жана акталып чыгуусуна кандай аракеттерди көрүп жатышат?

-Айсулуу менен Азат - улууларыбыз АКШда жашашат. Андан кийинкибиз Каныкей мектепти бүтүп жатат. Айжан 4-класста окуйт. Балдарым атасын коргоого, атасынын чындыгы үчүн күрөшүүгө даяр! Равшанды АКШ Конгресси колдоп билдирүү таратты. Балдар азыр АКШга кетишет. Ал жактагы, Европадагы демократиялык уюмдар менен ксңешебиз деп жатышат. А бул жердеги туугандар, пикирлештер да эмне кылышты ойлонуп жатабыз.

-Таластык тууган-жердештериңердин маанайы кандай болууда? Нааразы болуп жатышкандыр бийликке?

-Таластык туугандар, демократиялык топтор менен дагы кеңешебиз. Таластагы туугандар дагы Равшан камалгандан бери тынч жатып алышкан жок, дайыма биз менен байланышта...

-Жеке өзүңүз Равшан мырзага козголгон кылмыш иши боюнча оюңуз кандай?

-Равшанды буга чейинки бардык бийликтер камай алган эмес. Азыркы бийлик саясаттан кетирели деп, жалган иш менен камашты. Равшандын идеялары менен күрөшө албай, өзү менен күрөшөлү деп жатышат да.

-Камалат деп ойлодуңуз беле? Өзү камалышы мүмкүн экенин алдын ала айткан жок беле?

-Ал өзү айтып калчу, авторитардык бийлик кол алдындагы укук коргоо органдары аркылуу каалаган адамын камай алат деп. Биздин үй бүлө 20 жылдан бери көптөгөн жаман, оор нерселерге даяр болуп келатабыз,

-Мындан аркы кадамдарыңыздар кандай болот?

-Мурдагы бийликтер менен күрөшкөн сыяктуу, бул бийликтен коргонууга, бул бийлике каршылык көргөзүүгө жана бул бийлик менен күрөшүүгө туура келет. Качкан да, кууган да Кудай дейт...

Маектешкен Назгүл МАМЫТОВА

Булак: “Ачык саясат”

Последние новости