www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

9-кабаттан учуп кеткен россиялык кыз үйүлүп турган кардын үстүнө түшүп,  аман калды. Бул тууралуу орус маалымат булактары жазып чыкты.

Маалыматка караганда,  Россиянын Нижневартовск районундагы Излучинск айылында 9-кабатта жайгашкан үйдүн терезесинен кулап түшкөн кыз аман калган. Кыздын кулап  бара жаткандагы учуру, кошуна жайгашкан көп кабаттуу үйдүн сырттындагы  көзөмөл камерасына  жазылып калган.

Видоедо көрүнүп тургандай, жабырлануучу кар күрткүнүн үстүнө катуу эле кулаганын байкоого болот. Бирок,  кыз бир нече секунддан кийин ордунан туруп басып кеткен.

Бул окуяга күбө болгон  кошуналар,  анын терезеге өзү чыгып алгандыгын  жана  “Тез жардам” кызматын чакырышканын билдирген.

Ал эми, ушул тапта 27 жаштагы бейтап жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Дарыгерлер анын абалын орточо оор экенин айтышууда.

 

  Булак: NazarNews.kg

Последние новости