www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мамлекеттик салык кызматында мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн артыкчылыктарына жана тил саясатын ишке ашырууга арналган жумушчу жолугушуу болуп өттү.
Иш-чарага Мамлекеттик салык кызматынын жана Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын жетекчилиги, ошондой эле ведомствонун кызматкерлери катышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын жана бул чөйрөдөгү башка ченемдик укуктук актылардын аткарылышы, ошондой эле мындан аркы иштин негизги багыттары аныкталды.
Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Нурлан Максутов ведомстводо мамлекеттик тилди колдонууну жайылтуу боюнча жүргүзүлүп жаткан системалуу иштер тууралуу маалымат берди.
Ал белгилегендей, мамлекеттик тил кызматтык ишмердүүлүктө, документ жүгүртүүдө жана салык төлөөчүлөр жана жарандар менен өз ара аракеттенүү процесстеринде кеңири колдонулуп жатат. Эки тилдүү маалымат берүү камсыздалып, салык жаатында кыргыз тилиндеги санариптик чөйрө өнүктүрүлүүдө.
Өз кезегинде Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев “Мамлекеттик тил коргоого эмес, колдонууга муктаж” деген темада баяндама жасап, мамлекеттик тилди бардык тармактарда активдүү колдонуу зарылдыгына көңүл бурду.
Жолугушуунун алкагында мамлекеттик тилди колдонууну жайылтууга жана анын жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга багытталган санариптик продуктылар тартууланды.
Иш-чаранын жыйынтыгында катышуучулар мамлекеттик тилди мындан ары да ырааттуу түрдө өркүндөтүүнүн жана белгиленген артыкчылыктарды ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгилешти.