www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Селсаякты жиликтиген «киши жегич»... 

Нарын шаарынын 51 жаштагы тургуну Канатбек Кожоев бир нече жыл милиция кызматкери болуп иштеп, ардактуу эс алууга чыккан. Бирок үйүндө бекер жатпай, учурда Кыйноолорду жана башка катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүнүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борборунун Нарын облусу боюнча аймактык өкүлчүлүгүнүн жетекчиси болуп иштөөдө. Милициянын полковниги менен аймактык кабарчы маек курду.

Кожоев Канатбек Акматбекович 1967-жылы 24-ноябрда Нарын облусунун Ат-Башы районуна караштуу Ача-Кайыңды айылында туулган. Эки жогорку билимге ээ болгон. 1993-жылы БГУнун филология адистигин, 2004-жылы Кыргыз-орус билим берүү академиясынын юриспруденция адистигин алып чыккан. 1988-жылы аскерден келип, айылда иштеген. Кесиби боюнча эмгек жолун 1991-жылдын май айында Бишкек шаарынын ички иштер башкармалыгынын кайгуул-күзөт батальонунун катардагы милиционери болуп эмгектенүүдөн баштаган. 1992-жылы Бишкек шаарындагы Октябрь РИИБде техник-криминалист болуп иштеген. 1993-жылдын апрель айынан баштап 2000-жылдын октябрь айына чейин Ленин РИИБде аймактык тескөөчү, ага аймактык тескөөчү, ошол эле РИИБде коомдук тартипти сактоо бөлүмчөсүндө ага тескөөчү, курал-жарактарга лицензия-уруксат берүү системасында эмгектенген. 2000-жылдын октябрь айынан тартып 2010-жылга чейин Кыргыз Республикасынын ИИМнин Коомдук коопсуздук башкы башкармалыгында инспектор, ага инспектор, бөлүм башчы болуп иштеген. 2010-жылы ИИМнин Кылмыш иликтөө башкы башкармылыгында өзгөчө маанилүү иштер боюнча ага ыкчам өкүлү болуп эмгектенген. Биринчи Май РИИБдин күзөт бөлүмүнүн башчысы болуп иштеп, 2013-жылы ардактуу эс алууга чыккан.

«1995-жылы биздин аймакта бир кылмыш иши катталган. Ал кезде шаардык милиция бөлүмү түзүлө элек болчу. Ал учурда таяныч пункту деп аталчу. Бир күнү жумушта отурсам, бирөө "жардамга" деп чуркап келди. Эмне болду десем, “өлтүрдү, өлтүрдү” деп эле калды. Андан даректи билип, башка кызматкерлерге кабарлатып, өзүм жалгыз чуркап кеттим. Окуя болгон жерге барсам, үйдүн эшиги бек экен. Ал жердеги дагы бирөө ыйлап, “өлтүрдү, үйдүн ичинде жатат” деп айтты. Үйдүн эшигин ачууга аракет кылып жатсам, Ленин РИИБдин башчысынын орун басары келип калды. Экөөлөп үйдүн эшигин ачтык. Мен биринчи ичине кирип барсам, чынында бир адамдын жансыз денеси жатыптыр. Кадимкидей эле балта менен отун жаргандай башын жарган экен. Башы экиге бөлүнүп, мээси чачырап жатыптыр. Колун кармасам жылуу экен, эшикке чуркап чыгып "качан өлтүрдү" десем, ошол жердеги адам "азыр өлтүрдү" деди. Ким өлтүргөнүн сураштырып жатсам, Ленин РИИБдин кызматкерлери дагы келип калышты. Кылмышкерди сураштырып отуруп, турган жерин таап бардык. Көрсө булар наркомандар экен. Ошол күнү жаныбызга тапанча дагы алган эмеспиз. Дарекке барып, эки жагын карасак үйдүн ичинде бир нече адам ичип, чегип отурушкан экен. Кечке маал болчу. Үйгө тапанча жок кирүү бир топ кооптуу эле. Сырттан ойлонуп, кылмыштын бети ачылбай калбасын деп, тобокелдикке салып үйгө кирдим. Үйдүн ичи түтүнгө толгон, терезеси дагы абдан кичинекей экен. Кирип биз издеген кишинин атын сурасам, бөлмөнүн төрүндө отурган экен. Ал кишини акырын сыр билгизбей сыртка жетелеп чыктым. Алдап унаага салып, РИИБге алып жөнөдүк. Ошентип кылмыштын бетин ачтык. Каза болгон адам менен бул киши болбогон жерден сөз талашып, урушуп кетишиптир. Кармалган кишинин каза болгон адамга алы жетпей сыртка чыгып, балта алып келиптир. Андан соң, тиги адамды отурган жеринен башка чааптыр. Өлүктү жашыруу үчүн аны килемге орогонго аракет кылган экен», - деди ал.

Канатбек Кожоев мындан тышкары ушул эле Ленин районунда оор кылмыштын бети ачылгандыгын, анда адамдын башы менен колун тамак катары кесип алган жарандын кармалгандыгын айтып өттү.

«1994-жылдары болгон окуя. Биз тейлеген аймакта бети ачылбаган кылмыштардын саны көбөйүп кеткендигине байланыштуу иш-план түзүлүп, көчөлөрдү кыдырып, кылмышка шектүүлөрдү издеп жатканбыз. Мунун айынан бир жолу жумуштан үйгө түнкү саат 03:30 чамасында бардым. Ошол күнү үйгө эл көп баспаган көчө менен баргам. Эртеси жумушка келсем “киши жегичти кармадык” дешти. Эмне болуп кетти деп сурасам, ошол түнү мен өткөн көчөдөн күзөт бөлүмүнүн кызматкерлери бир адамды кийимге оролгон бир нерсе көтөрүп келе жаткандыгын көрүп токтотушкан экен. "Колундагы эмне" деп сурганда “жөн гана эт” деп айтыптыр. Эки кызматкердин бири кийимди тартып жиберсе, кишинин оң колу жана башы жерге түшүп кетиптир. Ошол жерден аны кармап, Ленин РИИБге алып барышкан. Алгач күнөөсүн мойнуна албай, “мага бирөө берген, кийимди ачып караган дагы эмесмин” деп көрсөтмө берген.

Эртең менен бирөө РИИБге телефон чалып, "Фучик" сейил багында башы жана колу жок, бир жансыз дене жатат деп айтты. Ыкчам топ ал жерге барып, жанагы табылган кол менен баш ал денеге таандык экендиги аныкташкан. Өлтүрүлгөн адам селсаяк болгон экен. Берки кылмышкер аны аңдып жүрүп өлтүрүп, башы жана колун кесип алыптыр. Эң кызыгы ал адамдын денесин жеп көрүү үчүн, баш менен колду кесип алыптыр», - деди ал.

Канатбек Кожоев ИИМнин борбордук аппаратында көп жыл иштегендиктен эки революцияда коомдук коопсуздукту көзөмөлгө алууга катышкан. Каарманыбыз ички иштер органдарында иштеген учурларында бир катар сыйлыктарга ээ болгон.

Ал жубайы менен биргеликте эки кыз, бир уулду тарбиялап өстүрүшкөн.

Булак: "Турмуш"

Последние новости