www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 17-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында “Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору 1-окууда каралды.

Мыйзам долбоору боюнча Жогорку соттко караштуу Сот департаментинин директору Рустам Ибраимов баяндама жасады.

Мыйзам долбоорунун концепциясы КР Жарандык процесстик кодексинин бирин-бири кайталаган жоболорун алып салуу жана КР Жарандык процесстик кодексинде “Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу” мыйзамдын жоболоруна шилтемелерди туура колдонуу максатында иштелип чыккан.

КР Жарандык процесстик кодекстин сырттан жүргүзүлгөн өндүрүштүн негиздери жана тартиби беренесинин доогер тарабынан доонун предмети же негизи өзгөртүлгөндө, доо талаптарынын өлчөмү көбөйтүлгөндө сот бул сот жыйналышында ишти сырттан жүргүзүлгөн өндүрүш тартибинде кароого укуксуз деген пунктун алып салуу каралган.

Мыйзам долбоору 1-окууда добуш берүүгө жиберилди деп билдирет Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости