www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өткөн чакырылышта деле азыркыдай телтейген, ары жок, популист депутаттар ого эле көп болчу. Алардын ана башында Данияр Тербишалиев деген турчу. Ал маселени билсе да, билбесе да иши кылып эле сүйлөп, теледен, гезиттерден, сайттардан көрүнүп калайын деп эле популисттик кылып сүйлөй берчү. 

2015 -жылдары КСДПдан тебилгенде, Бабановго жармашып, анын партиясынын чачпагын көтөрүп жүргөн. Жакында Сагынбек Абдырахмановго кошулуп алып, көл тарапта “Атамбаевсиз КСДП” деген демилгени колдоп жүргөнүн эшиттик.

2010-жылы дал ошол КСДПнын арты менен “случайно” депутат болуп, элге таанылып, аздыр-көптүр бизнесин да бекемдеп алган болчу.

Эми бир кездеги суу ичкен кудугуна жаба түкүрүп, минтип телтеймей саясат жүргүзүп жатканы акылга сыйбайт.

Булак: "Багыт"

Последние новости