www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

3-январь күнү Багдадда Ирандын генералы Касем Сулеймани АКШнын президенти Дональд Трамптын жеке жоопкерчилиги менен өлтүрүлгөн. Ошондон бир сутка өтпөй АКШ президенти Катардын жетекчилиги менен сүйлөшүү жүргүзгөн. Эртеси Катардын тышкы иштер министри Мухаммед аль-Тани Тегеранга жөнөгөн. Бул тууралуу Zen.yandex.ru жазып чыкты.

Аль-Тани Тегерандан келээр замат АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео менен телефон аркылуу сүйлөшүп, Аятолла Трамптын сунушун четке каккандыгын билдирген. Ал сунуштун маңызы эмнеде? Анда ал жерде Трамп Аятоллага генералдын өлүмү үчүн АКШ аскерлерин Ирактан чыгарып кетүүгө макул болгон. Бирок Аятолла ал сунушка көнгөн эмес. Мына ушундан улам алгач АКШнын Ирактагы генералы америкалык аскерлерди Ирактан чыгаруу боюнча чечими жарык көрүп, бирок кийинчерээк Аятолла Трамптын сунушун четке каккандан кийин Пентагон Ирактан АКШ аскерлери чыкпай тургандыгын билдирген.

Иран эмне себептен АКШнын сунушуна көнгөн эмес? Себеби, генерал Касем Сулеймани Ирандын диний лидери Аятолланын жакын адамы, ага түздөн-түз баш ийген аскердик бөлүктүн жетекчиси, Ирандагы экинчи адам. Ислам өлкөсүнүн расмий армиясынын бир бөлүгүнүн командири болгон. Анын үстүнө Аятолла Ирак парламенти жакын арада ансыз деле АКШ аскерлерин Ирактын аймагынан чыгара турган резолюция кабыл алаары  тууралуу маалымдар болгон. Ошентип, Аятолла Трамптын сунушуна көнгөн эмес.

Ал эми Трамп Сулейманинин өлүмү мынчалык дүрбөлөңгө айланып кетээрин түшүнгөн эмес. Ирандын генералын жок кылууну коргоо министри, Пентагондун жетекчиси Майк Помпео демилгелеп чыккан. Бирок Трамп ага көбүн эсе каршы болгон. Анткени, АКШ президенти конгрессттеги демократ Ненси Пелосси бул кадам үчүн Трамптын ит акмагын чыгара тургандыгы айдан айкын болчу. Качан гана Жакынкы Чыгышта АКШнын аскери мерт болгондо Трамп генералды жок кылууга макулдугун берген.

Эми кечээ, Иран АКШнын Ирактагы аскердик базаларына ракеталык сокку ургандан кийин учурда Дональд Трамп бул чырмалышкан абалдан чыгуунун жолун издеп жатат.

Булак: Nazarnews.kg

Последние новости